Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 6-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин түзүү жана жарыялоо тартибин жөнгө салат.
Ушул Жобо ошондой эле Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмегин түзүү жана жарыялоо тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) компетенттүү органдар - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, финансылык чалгындоо органы;
2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
3) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
4) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
5) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары - БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төмөнкү резолюциялары:
а) террористтик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү (1267 (1999), 1269 (1999), 1333 (2000), 1363 (2001), 1373 (2001), 1390 (2001), 1452 (2002), 1455 (2003), 1526 (2004), 1617 (2005), 1730 (2006), 1735 (2006), 1822 (2008), 1904 (2009), 1988 (2011), 1989 (2011), 2082 (2012), 2083 (2012) жана аларды өнүктүрүүгө кабыл алынган резолюциялар);
б) массалык кыргын салуучу куралды таратууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү (1718 (2006), 1874 (2009), 2087 (2013), 2094 (2013), 2270 (2016), 2231 (2015), 2321 (2016), 2356 (2017) жана аларды өнүктүрүүгө кабыл алынган резолюциялар);
6) террористтик иш - "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;