Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 18-августу № 143
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик
кызматынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302, 2023-жылдын 28-мартындагы № 168, 2023-жылдын 29-мартындагы № 175, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине 5-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери 6-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 8-сентябрь жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын кызматкеринин күнү деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
2) ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык санынын чегинде ишке ашырсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-августундагы № 90 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
айрым чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)