Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 25-декабры № 606
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2022-жылдын 18-августундагы № 463, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтому)
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;
- Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык;
- Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жобо, 6-тиркемеге ылайык;
- Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө жобо, 7-тиркемеге ылайык;
- Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө жобо, 8-тиркемеге ылайык;