Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 8-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалымат базасын түзүү, жаңылоо, сактоо жана ага жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) юридикалык жактын бенефициардык ээси - соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) Кыргыз Республикасынын аймагында түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түзүлгөн жана катталган юридикалык жактын менчик укугуна ээлик кылган же юридикалык жакты контролдогон жеке жак (жеке жактар);
2) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) коомдук кызмат адамдары - төмөндөгү жеке адамдардын бири:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
4) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)