Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалымат базасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалымат базасын (мындан ары - маалымат базасы) түзүү жана сактоо, ошондой эле маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттер - төлөм жүргүзүлө турган жак көрсөтүлбөгөн же акча инструменттерин алуучунун идентификациялык маалыматтары көрсөтүлбөгөн көрсөтүүчүгө карата формадагы жана чексиз жүгүртүлүүчү акча инструменттери же толтурулбаган акча инструменттери (жол жана банк чектери, акча жана эсептешүү чектери, векселдер, баалуу кагаздар, акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү, документтик формадагы милдеттемелер жана акча тапшырмалары);
2) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүү - Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди каалагандай киргизип же чыгарып алып өтүү, ал төмөнкү ыкмалардын бири менен жүзөгө ашырылат:
а) жеке жактын колдо же багажда, же болбосо транспорт каражатында алып өтүүсү;
б) контейнердик жүктө алып өтүү;
в) почта аркылуу алып өтүү.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Маалымат базасын түзүү жана сактоо тартиби