Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| 10-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин түзүү жана жарыялоо тартибин, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартибин аныктайт.
2. Чаралар (санкциялар) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн чыккан тобокелдиктерден Кыргыз Республикасынын финансы системасын коргоо максатында колдонулат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
2) иштиктүү мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
3) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкер мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
4) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) текшерүүчү органдар - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган тийиштүү жактардын ишин текшерген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
6) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)