Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 13-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тизмегин, террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартибин, анын ичинде эл аралык суроо-талаптарды даярдоо, жиберүү, аткаруу жана каттоо тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынан тышкары мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) эл аралык суроо-талап - террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле маалыматтарды же документтерди алмашуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын суроо-талабы;
2) эл аралык кызматташтык - террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү, ошондой эле маалыматтарды же документтерди алмашуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташтык;
3) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
4) контролдо турган жактар - Кыргыз Республикасынын текшерүүчү органдарынын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
5) өз ара пайдалуу принцип - ага ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен өз ара пайдалуу, тең укуктуу негизде жана ар бир тараптын эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмесинин негизинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырган эл аралык мамилелердин жалпыга таанылган принциби;
6) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:
а) акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер;
б) экономикалык ресурстар, анын ичинде нефть жана башка жаратылыш ресурстары;
в) сатып алуу ыкмасына карабастан мүлктүн ар кандай түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);