Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык 2026-жылдын 31-декабрына чейин берилген Жобонун колдонуусу токтолду
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтомуна) |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн мезгилдеги эмгектенүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүү жана жеке ишкердик менен алектенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция, тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле ушул Жобо менен жөнгө салынат.
3. Ушул Жободо белгиленген чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квота, ошондой эле иштегенге уруксат алуунун милдеттүү тартиби "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде белгиленген категорияга кирген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга колдонулбайт.
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - эгерде Кыргыз Республикасында эмгектенүүгө тартуу шарттары ушул Жободо белгиленген критерийлерге шайкеш келсе, иштин конкреттүү жаатындагы жогорку билимге, иш тажрыйбасына, көндүмдөргө жана жетишкендиктерге ээ чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдары тарабынан берилген патенттин негизинде уюм ачпастан жеке ишкердик кылган чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам;
чет өлкөлүк жумушчу - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенген чет өлкөлүк адис, жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис жана чет өлкөлүк жеке ишкер;
чет өлкөлүк адис - эмгектенүү үчүн тиешелүү билими, керектүү квалификациясы бар, иш берүүчү тарабынан ишке тартылган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
маалыматтык система - тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын компоненти болуп саналуучу жана каралган, берилген, сакталган, узартылган, жокко чыгарылган, ошондой эле берүүдөн баш тартылган иштегенге уруксаттар тууралуу маалыматтарды каттоо, жүргүзүү, сактоо, иштеп чыгуу жана түзүү модулдарын камтуучу интеграцияланган ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система;
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квота - Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун абалына жараша эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын чектүү саны;
иш берүүчү - чет өлкөлүк жумушчу менен эмгек мамилеси бар жеке же юридикалык жак (уюм);