Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-августу № 412
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-февралындагы № 49 токтомунун редакциясына ылайык)
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө эмгектенүү тартибин өркүндөтүү максатында, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 "Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгектенүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"QR код - машина окуй турган оптикалык белги, ал өзү байланган объект жөнүндө маалыматты камтыйт;
иштөөгө электрондук уруксат - квалификацияланган электрондук кол тамга коюлган, Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштөөгө берилген уруксаттын статусуна теңештирилген, ушул Жобого ылайык электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тармагы аркылуу берилүүчү, тез таасир көрүү үчүн атайын окулуучу QR-коду бар документтик ырастама.";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ушул Жобонун 12 жана 20-пункттарында аталган арызды жана документтерди арыз берүүчү өзү же ишенимдүү өкүлдүн паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу берет. Арыз жана документтер кагаз жүзүндө же электрондук түрдө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилет.";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Комиссиянын курамына миграция жаатындагы; калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгекти коргоо жаатындагы; ички иштер жана улуттук коопсуздук жаатындагы; экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы; инвестиция, экспорт жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын бирден өкүлү кирет.";
- 16-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Комиссия тарабынан кабыл алынган чечим тууралуу арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтына Комиссиянын чечимин жайгаштырат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы "Иш берүүчү" деген сөздөрдөн кийин "баш тартылган учурда" деген сөздөр толукталсын;
- 17-пунктундагы "бир календардык жылдын ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: