Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 16-октябры № 131
Изин суутпай издөө иши жөнүндө
(КР 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2003-жылдын 11-июнундагы № 98, 2003-жылдын 12-июнундагы № 105, 2004-жылдын 28-мартындагы № 52, 2007-жылдын 15-августундагы № 152, 2008-жылдын 23-майындагы № 97, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2009-жылдын 11-мартындагы № 80, 2010-жылдын 24-февралындагы № 33, Мыйзамдарынын КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ № 128 декретинин, КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 22-майындагы №76, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу изин суутпай издөө ишинин мазмунун аныктайт жана изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүү учурунда мыйзамдуулуктун кепилдиктеринин тутумун бекемдейт.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Изин суутпай издөө иши
Изин суутпай издөө иши - ушул Мыйзам тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан алардын бийлик укуктарынын чектеринде адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдун жана мамлекеттик коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүчү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү аркылуу маалымдуу жана маалымсыз түрдө жүзөгө ашырыла турган иштин түрү.
2-статья. Негизги түшүнүктөр
Жарандардан сураштыруу - изин суутпай издөөчү кызматкердин иликтенип жаткан окуя жөнүндө же ага тиешеси бар адамдар тууралу иш жүзүндөгү маалыматтар белгилүү болушу мүмкүн болгон жаран менен жекече маектешүүсү.
Маалымдамаларды чогултуу - изин суутпай издөө ишинин милдеттерин чечүү үчүн изи сууй элек криминалисттик же башка маалыматтар базасынан алынган маалыматты изин суутпай издөөчүнүн расмий түрдө алышы.
Салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу - кылмыш издери сакталган же кылмыш жасаган адам жөнүндө, кылмыштуу кол салуулардын объектилери катары кызмат кылган маалыматтарды камтыган материалдык каражаттарды жана коомдук коркунучтуу укукка жат жосунду жана ага катышы бар адамдарды табуу каражаты болуп кызмат кыла турган нерселерди табуу жана алып коюу.
Текшерүү үчүн сатып алуу - каржылык, чарбалык, ишкердик же соода ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын бузулушу жазык жоопкерчилигине алып келе тургандыгы жөнүндө изин суутпай алынган маалымат болгондо, изин суутпай издөөчү (изин суутпай издөөчү кичи бөлүм) тарабынан товарды сатып алуунун жагдайын (керектөө жана сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн) атайылап түзүү.
Нерселерди жана документтерди иликтөө - кылмыштарды жана аларга тиешеси бар адамдарды табуу максатында кылмыштуу иштин сакталып калган издери, кылмыш жасоонун курамы же кылмыштуу иштин натыйжасы болуп эсептелген нерселерди жана документтерди иликтөө.
Контролдонуучу жөнөтүү (текшерип жөнөтүү) - кылмыштарды натыйжалуу аныктоо, бөгөт коюу, тергөө максатында эркин сатууга тыюу салынган, же болбосо жүгүртүүсү чектелген товарларды жана нерселерди, ошого тете кылмыштуу жол менен алынган же кылмыш издери сакталып калган нерселерди, же болбосо кылмыш жасалган куралдарды же каражаттарды контролго алуу менен бир жерден экинчи жерге жиберүү.