Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 26-декабры № 710
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык кредит алып жаткан камсыздандырылган адам кайрылганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун наамына жеке маалыматтардын субъекттеринин жеке маалыматтарын пенсия топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөп берүү үчүн үчүнчү адамдарга берүүгө макулдугун алуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен бирдикте ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды ишке ашырууга катышууга ниеттенген коммерциялык банктар менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-январындагы № 1 (3073) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |