Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-октябрындагы № 745 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү ЭРЕЖЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 338, 2019-жылдын 24-июнундагы № 310, 2019-жылдын 26-декабрындагы № 710, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 523, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 124, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 261, 2022-жылдын 22-декабрындагы № 711, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 559, 2024-жылдын 24-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Пенсиянын топтоо бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору барларга чектелет жана төлөнүп берилет, анын ичинде:
1) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алуучу пенсионерлерге;
2) пенсияга чыгууга укуктуу жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөөгө кайрылган адамдарга;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого көчүп кеткен же көчүп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;
4) каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна;
5) "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан пенсионерлерге;
6) коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
61) ипотекалык кредит алып жаткан же алган, "МИК" ААК тарабынан каржыланган, кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада;
62) "МИК" ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышкан адамдарга беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада;
63) банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада.
7) ушул Эреженин 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине (мындан ары - Оорулардын тизмеги) ылайык оор оорулары бар адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине;
8) белгиленген тартипте расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдарга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 261, 2022-жылдын 22-декабрындагы № 711, 2024-жылдын 24-июнундагы № 329 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Пенсиялык иштөө каражаттарынын эсебинен берилчү төлөмдөрдүн түрлөрү