Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2024-жылдын 11-октябрындагы № 614 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (мындан ары - Типтүү нускама) мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда (мындан ары - мекемелер) башкаруу ишин документтештирүүгө жана документтер менен иштөөнү уюштурууга бирдей талаптарды жөнгө салган принциптердин жана эрежелердин жыйындысын белгилейт.
2. Мекемелер иш кагаздарын жүргүзүүнү ушул Типтүү нускаманын негизинде уюштурат жана жүргүзөт.
Иш кагаздары мамлекеттик тилде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда - расмий тилде жүргүзүлөт.
Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иш кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүүдө мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп саналат.
3. Типтүү нускамада көрсөтүлгөн жалпы талаптар электрондук документ жүгүртүү системасынын (мындан ары - ЭДС) жардамы менен документтерди даярдоону, каттоону, эсепке алууну жана аткарылышын контролдоону кошуп алганда, документтердин түрүнө (кагаз, электрондук) карабастан, уюштуруу-тескөө документтерине (мындан ары - УТД) жайылтылат.
Колдонуу мүмкүндүгү чектелген белгиси бар документтер менен иштөө тартиби атайын нускамалар менен бекитилет.
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 8 апреля 2022 года № 207)
Колдонуу мүмкүндүгү чектелген белгиси бар документтер менен иштөө тартиби атайын нускамалар менен бекитилет.
4. Иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга жана алардын абалына жоопкерчилик мекеменин жетекчисине, түзүмдүк бөлүмдөрдө алардын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Жетекчи же иш кагаздарын жүргүзүүгө жана архивге жооптуу кызматкер алмашкан учурда, мекеменин документтерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт жана документтер мыйзамдуу мураскерге акт боюнча өткөрүлүп берилет. Документтердин кем экендиги аныкталса, аларды издеп табуу чаралары көрүлөт.
6. Мекеме кайрадан уюштурулганда, жоюлганда документтерди өткөрүп берүү жана аларды андан ары колдонуу тартиби мекеменин жетекчисинин буйругунда (тескемесинде) белгиленет.
Жоюлган мекеменин документтерин өткөрүп берүү көктөмөлөрдү өткөрүп берүү үчүн түзүлгөн комиссиянын милдетине кирет. Архивдик документтери мамлекеттик архивге сактоого өткөрүлүп берилбей турган мамлекеттик органдарды эске албаганда, комиссиянын курамына мамлекеттик архивдин өкүлү милдеттүү киргизилет.
Документтер иреттелет, тизмеленет жана жогору турган мекеменин архивине, мыйзамдуу мураскерге же тиешелүү мамлекеттик архивге өткөрүлөт.
Мекеме функциясы башка мекемеге өткөрүлүү менен кайра түзүлгөндө, анын функциясын алган мекеме кайра түзүүгө туш болгон мекеменин иш кагаздарын жүргүзүүдөгү аякталбай калган иштерин жана архивин акт боюнча кабыл алат жана алардын сакталышы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
7. Документтерди уурдаган, бузган, жашырган же мыйзамсыз түрдө жок кылган, ошондой эле өздөрүнүн кылган аракети же аракетсиздиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин жоголушуна жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Бирдиктүү техникалык саясатты жана заманбап техникалык каражаттарды колдонуунун негизинде документтер менен иштөөдө иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу, жүгүртүү жана өркүндөтүү, мекемеде документтер менен иш алып баруунун белгиленген тартибин сактоону контролдоо жана усулдук тейлөө атайын түзүлгөн түзүмдүк бөлүмдөр (мындан ары - иш кагаздарын жүргүзүү кызматы) же иш кагаздарын жүгүртүү үчүн жооптуу адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2-глава. Башкаруу документтерин даярдоо жана тариздөө
§1. Башкаруу документтеринин курамы
9. Башкаруу иш-аракеттерин документтештирүү УТД системасы аркылуу ишке ашырылат.
10. Мекемелердин иши үчүн зарыл болгон документтердин түрлөрү ар бир документтин функциялык багытына ылайык 1-тиркемеде көрсөтүлгөндөй аныкталат.
11. Мекеменин башкаруу иши тескөө документтери аркылуу ишке ашырылат. Алардын курамы мекеменин компетенциясы жана функциясы, маселелерди чечүү тартиби, башка мекемелер менен өз ара байланыш өлчөмү жана мүнөзү менен аныкталат (2-тиркеме).
12. Документтин түрүнүн аталышы баш тамгалар менен кочкул шрифтте борборлоштурулуп жайгаштырылат.
§2. Документтин реквизиттери
13. Документтерди тариздөөдө юридикалык күчүн, алардын сапаттуу жана ыкчам аткарылышын камсыздоочу реквизиттердин сакталышы зарыл.
Документтердин милдеттүү реквизиттери болуп төмөнкүлөр саналат: мекеменин - документтин авторунун аталышы, документтин түрүнүн аталышы, тексти, тексттин мазмунунун аталышы, документтин датасы жана каттоо номери, (колу) кол тамга (электрондук кол тамга), аткаруучу жөнүндө белги, документтин аткарылышы тууралуу белги, документтин түзүлгөн же чыгарылган жери.
Документтерди даярдоо жана тариздөө процессинде милдеттүү реквизиттердин курамы зарыл болгон учурда башка реквизиттер менен толукталышы мүмкүн.
14. УТД үчүн 28 реквизит колдонулат (3-тиркеме):
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин (мындан ары - Мамлекеттик герб) сүрөтү бланкка "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жайгаштырылат. Мамлекеттик гербдин сүрөтү Кыргыз Республикасынын түстүү же ак-кара түстөгү эталондук сүрөтүнө дал келүүгө тийиш. Мамлекеттик гербдин сүрөтүн түстүү боёк менен бир өңдө берүүгө тыюу салынат.
Мамлекеттик гербдин сүрөтү документтин жогорку талаачасынын борборуна жайгаштырылат. Диаметри 20 миллиметрден ашпоого тийиш;
2) мекеменин эмблемасы мекеменин аталышынын деңгээлинде жайгаштырылат. Эгерде бланкта Мамлекеттик гербдин сүрөтү жайгаштырылса, анда эмблема коюлбайт;
3) мекеменин коду Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору (мындан ары - ИУРК) боюнча коюлат. Ал "Мекеменин аталышы" жана "Мекеме жөнүндө маалымат" деген реквизиттердин алдына, № 8 өлчөмүндөгү шрифт менен борборлоштурулуп жайгаштырылат;
4) жогору турган мекеменин аталышы баш тамгалар менен № 10,5 өлчөмүндөгү кочкул шрифтте терилип, берилген талаачанын чегинде борборлоштурулуп жайгаштырылат;
5) мекеменин аталышы жогору турган мекеменин аталышынын алдына жайгаштырылат. Ал мекемени уюмдаштыруу документтериндеги аталышка шайкеш келүүгө тийиш. Мекеменин кыскартылган аталышы толук аталышынан кийин кашаанын ичине жазылат. Баш тамгалар менен № 10,5 өлчөмүндөгү кочкул шрифтте терилип, жогору турган мекеменин аталышынан эки сап интервал менен төмөндөтүлүп, берилген талаачанын чегинде борборлоштурулуп жайгаштырылат;
6) түзүмдүк бөлүм документтин автору болсо, ошол түзүмдүк бөлүмдүн аталышы көрсөтүлөт. Ал мекеменин аталышынан төмөн жайгаштырылат, баш тамгалар менен № 10,5 өлчөмүндөгү кочкул шрифтте терилет, мекеменин аталышынан эки саптык интервалга төмөндөтүлүп, берилген талаачанын чегинде борборлоштурулуп жайгаштырылат;
7) мекеме жөнүндөгү маалыматка төмөнкүлөр камтылат: почта дареги, телефон, факс номерлери, электрондук почта дареги, веб-сайт дареги, банктагы эсептешүү эсеби, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери. Аталган маалыматтар мекеменин аталышынын алдына жайгаштырылып, № 8 шрифттеги өлчөмдө борборлоштурулуп берилет;
8) документтин түрүнүн аталышы баш тамгалар менен кочкул шрифтте терилип, борборлоштурулуп тегизделет. Шрифттин өлчөмү документтин текстинин шрифтине шайкеш келет;
9) документтин датасы - документке кол тамга коюлган, бекитилген же андагы чагылдырылган окуянын датасы. Мисалы: токтомдордун, чечимдердин, буйруктардын, тескемелердин, каптардын датасы бул - аларга кол (кол тамга) коюлган дата; протоколдун жана актынын датасы бул - окуянын датасы; пландын, сметанын, штаттык ырааттаманын жана бекитүүнү талап кылган башка документтердин датасы бул - алардын бекитилген датасы болуп эсептелет.
Документтин жүгүртүлүшү жана аткарылышы менен байланыштуу болгон документтеги бардык кызматтык белгилерге дата жана кол (кол тамга) коюлууга тийиш.
Эки же андан көп мекемелер биргелешип чыгарган документтерге бир (бирдиктүү) дата коюлушу керек.
Документке кол (кол тамга) коюу, бекитүү, макулдашуу даталары, ошондой эле текстте камтылган даталар араб цифралары менен төмөнкүдөй ырааттуулукта таризделет: күнү, айы, жылы. Күнү жана айы чекит менен ажыратылып, кош араб цифралары менен таризделет; жылы - төрт араб цифрасы менен берилет. Мисалы: 2019-жылдын 20-майы деген датаны төмөнкүдөй тариздөө керек: 20.05.2019. Датаны сөздүк-цифралык ыкмада тариздөөгө да жол берилет, мисалы: 2019-жылдын 25-марты.
Буйруктарды, тескемелерди, чечимдерди, протоколдорду жана финансылык документтерди тариздөөдө датаны тариздөөнүн сөздүк-цифралык ыкмасы гана колдонулат: 2019-жылдын 20-майы.
Дата бланктын атайын белгиленген жерине жазылат. Мисалы, каттын бланкындагы датанын орду сызыкча менен белгиленет жана документтин сол талаачасынан башталып, жылдыруусуз жайгаштырылат:
__________________ № _____________;
10) документтин каттоо номери анын катар номеринен турат, аны көктөмөлөрдүн номенклатурасы боюнча көктөмөнүн индекси менен толуктоого болот. Чыгыш документтин каттоо номери түзүмдүк бөлүмдүн индексинен, көктөмөнүн номенклатурасы боюнча көктөмөнүн номеринен жана документтин катар номеринен турат.
Эки же андан көп мекемелер биргелешип түзгөн документтин каттоо номери ушул мекемелердин ар биринин каттоо номерлеринен турат, алар документтин авторлорунун иретине жараша жантык сызыкча менен ажыратылат.
Документтин каттоо номери бланктын атайын белгиленген жерине коюлат;
11) документтин каттоо номерине жана датасына шилтеме каттын бланкында көрсөтүлөт. Ал жооп жиберилип жаткан документтин каттоо номерин жана датасын камтыйт. "Каттоо номери" деген реквизиттин алдына эки саптык интервал менен төмөндөтүлүп, сол талаачадан баштап жылдыруусуз жазылат. Мисалы:
2019-жылдын 20-майындагы № _________ катка же 20.05.2019-ж. № ___________ катка;
12) бланктын реквизиттери боюнча документтин түзүлгөн же чыгарылган ордунун аныкталышы кыйынчылык жаратса, алар документте көрсөтүлөт. Ал кабыл алынган администрациялык-аймактык бөлүштүрүүнү эске алуу менен көрсөтүлөт жана төмөнкүдөй жалпы кабыл алынган гана кыскартууларды камтыйт: Бишкек ш. "Документтин датасы жана каттоо номери" деген реквизит менен бирдей деңгээлде жайгаштырылып, бланктын оң четине төмөнкүдөй теңдештирилет:
___________________ № _____ |
| Бишкек ш.; |
13) мекемелер, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, кызмат адамдары же жеке адамдар адресат катары саналышы мүмкүн. Адресат оң жактагы жогорку бурчка сол талаачадан 100 мм жылдырылып жазылып, сол четинен теңдештирилип, кочкул шрифт менен терилет.
Кат мекемеге же түзүмдүк бөлүмгө даректелгенде, алардын аталышы атооч жөндөмөдө жазылат:
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги |
|
|
|
|
| Уюштуруу-усулдук бөлүм |
Кат мекеменин кызмат адамына даректелгенде, мекеменин аталышы жана адамдын кызматы атооч жөндөмөдө, аты-жөнү барыш жөндөмөдө жазылат:
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
|
|
|
|
| Уюштуруу-усулдук бөлүмүнүн башчысы А.Р.Касымалиевге |
Документ мекеменин жетекчисине даректелгенде, мекеменин аталышы адресат кызматынын аталышынын курамына киргизилет:
|
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Аты-жөнү (барыш жөндөмөсүндө) |
Документ: бир түрдөгү бир нече мекемеге жиберилгенде, адресат жалпылаштырып белгиленет:
|
| Мектептердин директорлоруна |
Документте төрттөн ашык дарек камтылбашы керек. Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү даректерди белгилөөнүн алдында "көчүрмө" деген сөз көрсөтүлбөйт: документтин ар бир нускасына кол (кол тамга) коюлууга тийиш. Документ төрттөн ашык дарекке жиберилгенде, жиберүү үчүн тизме түзүлөт жана ар бир документте адресат жалпылаштырылып белгиленет.
"Адресат" деген реквизиттин курамына почта дареги кириши мүмкүн. Почта дарегинин элементтери почта кызмат көрсөтүүсүнүн эрежелеринде белгиленген ырааттуулукта көрсөтүлөт. Кат мекемеге даректелгенде, мекеменин аталышы, андан кийин почта дареги аталат.
|
| Архив агенттиги 720020, Бишкек ш. Токтогул көч., 105 |
Документ жарандарга даректелгенде, алгач почта дареги, андан кийин алуучунун аты-жөнү жазылат:
|
| 720009, Бишкек ш. Орозбеков көч., 105 |
|
| Аты-жөнү (барыш жөндөмөдө) |
14) бекитүү грифи документтин биринчи барагынын жогорку оң жагында сол талаачадан 100 мм жылдырылып жайгаштырылып, кочкул шрифт менен терилет.
Документ кызмат адамы тарабынан же тескөөчү документ менен бекитилет. "БЕКИТЕМ", "БЕКИТИЛДИ" деген сөздөр баш тамгалар менен тырмакчага алынбай жазылат.
Эгерде документ кызмат адамы тарабынан бекитилсе, анда бекитүү грифи "БЕКИТЕМ" деген сөздөн, кызматынын аталышынан, колунан (кол тамгасынан), документти бекиткен адамдын аты-жөнүнөн, бекитүү датасынан турат:
|
| БЕКИТЕМ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри _________________ аты-жөнү (кол тамгасы) 00.00.0000 |
Документ тескөөчү документ менен бекитилсе, бекитүү грифи "БЕКИТИЛДИ" деген сөздөн, тескөөчү документтин илик жөндөмөдөгү аталышынан, анын датасынан жана номеринен турат.
|
| БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 00.00.0000 № ___ буйругу |
Бир нече бекитүү грифи бар болсо, алар сол талаачадан баштап, бир деңгээлде жайгаштырылат:
БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 00.00.0000 № ___ буйругу |
| БЕКИТИЛДИ Бишкек шаарынын мэриясынын 00.00.0000 № ___ токтому |
15) резолюция тиешелүү кызмат адамы тарабынан документтин жогорку бөлүгүнө тексттен бош орунга жазылат. Ал өзүнө аткаруучулардын аты-жөнүн, берилген тапшырманын мазмунун, аткаруу мөөнөтүн, колун (кол тамганы), датаны камтыйт:
Б.А.Бейшеновага. Макулдашуунун долбоорун 00.00.0000 карата даярдооңузду суранам. Колу (кол тамгасы) 00.00.0000 |
|
|
Тапшырма бирдей кызматтагы эки же бир нече адамга берилсе, тапшырмада биринчи болуп көрсөтүлгөн адам негизги аткаруучу болуп эсептелет. Ага кошо аткаруучуларды чакыруу жана алардын ишин координациялоо укугу берилет.
Негизги аткаруучу жана кошо аткаруучу өздөрүнө тикелей баш ийген адамдарга резолюция түрүндө тапшырмаларды берүүгө укуктуу.
Аткаруу боюнча көрсөтмөлөрдү талап кылбаган жана аткаруунун типтүү мөөнөтүндө аткарылуучу документтердин резолюциясына аткаруучу көрсөтүлүп, резолюция ээсинин колу (кол тамгасы), датасы коюлат.
Резолюция өзүнчө баракка резолюцияга тийиштүү болгон документтин каттоо номери жана датасы көрсөтүлүү менен таризделиши мүмкүн;
16) документтин аталышы тексттен мурда жазылат. Ал грамматикалык жактан документтин аталышы менен шайкеш келүүгө тийиш. Мисалы: буйрук (эмне жөнүндө?) - комиссияны бекитүү жөнүндө; маалымат (эмне жөнүндө?) - республикалык кароону өткөрүү жөнүндө.
Эгерде документте бир нече маселе чагылдырылса, анда документтин аталышы жалпылаштырып берилет. Көлөмү чоң же бир нече маселени чагылдырган документтерге аталыштары менен бирге кыскача аталыштар коюлат.
Каттарды аталыштары атайын белгиленген жерге баш тамга менен чегинүүсүз сол жактан башталып жазылат. УТДнын башка түрлөрүнүн аталыштары барактын ортосуна жайгаштырылып, баш тамга менен башталып жазылып, кочкул шрифт менен берилет. Аталыштын аягына чекит коюлбайт. Эки же андан көп саптан турган аталыш 1 саптык интервал аркылуу терилет. Шрифттин өлчөмү тексттин шрифтинин өлчөмүнө шайкеш келет.
А4 форматындагы бланктарга түзүлгөн документтерде аталыштар болууга тийиш.
Телеграммаларда, телефонограммаларда, кабарламаларда жапа А5, А6 форматындагы бланктарда түзүлгөн документтерде аталыштар жазылбайт.
Аталыш тексттен эки саптуу интервал менен ажыратылат;
17) контроль белгиси аткарууну талап кылган жана контролго алынган документтерге коюлат. Контроль белгиси ("К" тамгасы, "КОНТРОЛЬ" деген сөз же штамп) документтин сол талаачасына аталыштын деңгээлинде же атайын чектелген контроль алкагына коюлат, контроль алкагынын өлчөмү: 10х10 мм;
18) документтин тексти анкета, таблица, байланыштыруучу текст түрүндө же ушул түзүмдөрдүн жыйындысы түрүндө таризделет.
Текстти анкета түрүндө түзүүдө мүнөздөлүүчү объекттин белгилеринин аталыштары атооч жөндөмөдөгү зат атооч менен же болбосо, учур чактагы же өткөн чактагы экинчи жактын этиши менен (бар, болгон, турган ж.б.) берилүүгө тийиш.
Таблицанын графаларынын жана саптарынын аталыштарынын болушу зарыл, алар атооч жөндөмөдөгү зат атооч менен берилүүгө тийиш. Графалардын жана саптардын кыскача аталыштары аталыштар менен шайкеш келүүгө тийиш. Эгерде таблица бир барактан ашык болсо, таблицанын биринчи барагына графалардын номерлери коюлуп, кийинки барактарга ушул графалардын номерлери гана басылууга тийиш.
Байланышкан текст эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө документти түзүүнүн себептери, максаттары, негиздемелери; экинчи (корутунду) бөлүгүндө - чечимдер, тыянактар, өтүнүчтөр, сунуштар белгиленет. Текст корутунду бир бөлүктү гана камтышы мүмкүн (мисалы, буйруктар (тескемелер) - констатациясы жок тескөөчү гана бөлүктү, каттар - түшүндүрмөсү жок өтүнүчтү). Мурда чыгарылган документтин негизинде же аны аткаруу үчүн даярдалган документтин текстинде анын төмөнкүдөй реквизиттери: документтин жана автор-мекеменин аталышы, датасы, тексттин аталышы, каттоо номери көрсөтүлөт.
Бир жетекчилик принцибинде иштеген мекемелердин тескөөчү документтеринде, ошондой эле жетекчиликке даректелген ички документтерде текст жекелик сандагы биринчи жактан жазылат ("буйрук кылам", "сунуш кылам", "суранам").
Коллегиялык органдардын документтеринде текст үчүнчү жактын жекелик санында берилет ("токтом кылат", "чечти").
Биргелешкен документтерде текст биринчи жактын көптүк санында берилет ("буйрук кылабыз", "чечтик").
Протоколдун тексти үчүнчү жактын жекелик санында берилет ("угулду", "чыгып сүйлөдү", "чечилди").
Каттарда баяндоонун төмөнкүдөй формалары колдонулат:
- биринчи жактын көптүк санында ("...берүүнү суранабыз", "Сиздин дарекке жиберебиз");
- биринчи жактын жекелик санында ("жиберүүнү суранам", "зарыл деп эсептейм");
- үчүнчү жактын жекелик санында ("министрлик каршы эмес").
Бир өңчөй байланышкан тексттер зарыл болгон учурда аталыштар жана номерлер берилген түзүмдүк элементтерден турушу мүмкүн. Башка документтердин түзүмдүк элементтеринин номерлери араб цифралары менен жазылат. Түзүмдүк элементтердин аталыштары кочкул шрифт менен терилип, борборлоштурулат, аталыштан кийин чекит коюлбайт. Шрифттин өлчөмү тексттин шрифтине дал келтирилет. Түзүмдүк элементтердин аталыштары тексттен эки сап интервал менен ажыратылат;
19) документтин тиркемеси бар болсо, ал жөнүндө белги тексттен кийин же текстте көрсөтүлүшү мүмкүн.
Эгерде документтин тиркемеси жөнүндө белги тексттен кийин коюлса, анда ал "Колу (кол тамгасы)" реквизитинин үстүндө жайгаштырылат. "Тиркеме" деген сөз тиркемелердин санына карабай жекелик санда жазылып, документтин сол талаачасынан чегинүүсүз жазылат.
Эгерде документтин текстинде аталышы толугу менен берилген тиркеме бар болсо, анда тиркеме жөнүндө белги төмөнкүдөй формада таризделет:
Тиркеме: 5 баракта, 2 нускада.
Эгерде тиркеменин толук аталышы текстте берилбесе, анда тиркеме жөнүндө белги төмөнкүдөй таризделет:
Тиркеме: Капиталдык курулуш үчүн чыгымдардын сметасы 5 баракта, 2 нускада.
Документтин бир нече тиркемеси болсо, төмөнкүдөй жазылат:
Тиркеме: 1. Документтердин жетишсиздиги жөнүндө маалым кат 1 баракта. 2 нускада;
2. Эксперттик комиссиянын жыйынынын протоколунан көчүрмө 1 баракта, 1 нускада.
Эгерде документке тиркемеси бар башка документ тиркелсе, анда тиркеме жөнүндө белги төмөнкү формада таризделет:
Тиркеме: Баланстык комиссиянын 2019-жылдын 25-мартындагы № 2 корутундусу жана ага тиркеме, бардыгы 21 баракта, 2 нускада.
Эгерде тиркеме документте белгиленген бардык даректерге жиберилбесе, анда тиркеме жөнүндө белги төмөнкү формада таризделет:
Тиркеме: 5 баракта, 2 нускада биринчи дарекке.
Эгерде тиркемелер брошюраланган болсо, анда барактардын саны көрсөтүлбөйт.
Эгерде документтин тиркемеси жөнүндө белги текстте белгиленсе, анда ал төмөнкүдөй таризделет: "Келишим атайын бланкта түзүлөт (1-тиркеме)." же "Келишим 1-тиркемеге ылайык атайын бланкта түзүлөт". Тиркеменин катар номеринин алдына "№" белгиси коюлбайт.
Тиркемелер өзүнчө барактарга таризделет. "Тиркеме" деген сөз документтин биринчи барагынын жогорку оң бурчуна документтин сол жагынан 100 мм аралыкта жылдырылып жазылат. Шрифттин өлчөмү № 10-12:
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин _____ № ______ буйругуна 1-тиркеме |
20) колу (кол тамгасы). Жогору турган органдарга, мамлекеттик бийлик органдарына жиберилүүчү документтерге мекеменин жетекчисинин же анын тапшырмасы боюнча орун басарынын колу (кол тамгасы) коюлат. Жетекчинин колу (кол тамгасы) коюлган каттын экинчи нускасы жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери визалаган каттын (документтин) нускасы иш кагаздарын жүргүзүү кызматында калууга тийиш.
Кол алдындагы жана башка мекемелерге, жарандарга жиберилүүчү документтерге компетенцияларына ылайык жетекчинин, анын орун басарынын же түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин колу (кол тамгасы) коюлат.
Кызматтык документтердин бардык нускаларына кол (кол тамга) коюлууга тийиш. Документтерге кызмат адамдарынын жеке колу (кол тамгасы) коюлушу зарыл. Көчүрмөлөр көп санда болгон учурларда аларга аткаруучунун ырастоочу колу (кол тамгасы) же жетекчинин кол тамга факсимилесинин коюлушуна жол берилет. "Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык документтерге электрондук кол тамга коюлушу мүмкүн.
Бул учурда документтин эки варианты тең бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, ошондой эле колдорунун дефекттери жана деформациялары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар колунун (кол тамгасынын) ордуна факсимилесин пайдаланышы мүмкүн.
"Колу (кол тамгасы)" реквизити документке кол тамга койгон адамдын кызмат ордунун аталышынан, инициалы менен фамилиясы көрсөтүлгөн колунан (кол тамгасынан) жана анын чечмеленишинен турат. Кызмат ордунун аталышы документтин сол жагынан жылдырылбай жазылат. Колдун (кол тамганын) чечмелениши сол талаачадан 120 мм жылдырылып, кызмат ордунун аталышынын акыркы сабынын деңгээлинде таризделет. Кол (кол тамга) кок түстөгү сыя менен гана коюлат.
Бланктарга түзүлгөн документтерде кызмат ордунун аталышына мекеменин аталышы жазылбайт:
Директор | (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
же:
Министрдин орун басары | (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
Документтер бланкта эмес, актай баракта таризделсе, документке кол тамга коюучу адамдын кызмат ордунун аталышы, мекеменин толук аталышы жазылат:
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин директору | (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
Мазмуну үчүн бир нече адам жооп берген документтерге эки же андан көп кол тамга коюлат. Алар ээлеген кызмат орундарына жараша ырааты менен биринин алдына бири жайгаштырылат. Документке бир нече кол тамга коюлса, кызмат орундарынын аталышы жана коюлган кол тамгалардын чечмелениши сап аралык бир жарым интервал менен бөлүнөт:
Директор | (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
Башкы бухгалтер | (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
Документке бир рангдан бир нече кызмат адамдары кол (кол тамга) койсо, алардын колдору (кол тамгалары) бирдей деңгээлде жайгаштырылат:
Пландоо бөлүмүнүн начальниги колу (кол тамгасы) |
| Финансы бөлүмүнүн начальниги колу (кол тамгасы) |
Аты-жөнү |
| Аты-жөнү |
Эки мекеменин жетекчиси кол (кол тамга) коюуга тийиш болгон документтер бланкта эмес, актай баракта таризделет. "Кол (кол тамга)" реквизити катарлаш эки колонкада төмөнкүдөй жайгаштырылат:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри колу (кол тамгасы) |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри колу (кол тамгасы) |
Аты-жөнү |
| Аты-жөнү |
Документтин долбоорунда аты-жөнү көрсөтүлгөн кызмат адамы жок болгон учурда, документке анын милдетин аткаруучу адамдын же анын орун басарынын кол тамгасы коюлат. "Ордуна" деген сөз менен же кызмат ордунун аталышынын алдына сызыкча коюп, документке кол (кол тамга) коюуга жол берилбейт.
Комиссия түзгөн документтерге кол (кол тамга) коюуда документке кол (кол тамга) койгон адамдардын кызмат орундары эмес, комиссиянын курамында бөлүштүрүлгөн милдети көрсөтүлөт:
Комиссиянын төрагасы | (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
Комиссиянын мүчөлөрү: (алфавиттик тартипте) | (кол тамгалары) | Аты-жөнү |
21) документти макулдашуунун грифи. Айрым учурларда документтердин даярдалган долбоорлору кол (кол тамга) коюулардын алдында кызыкдар мекемелер, түзүмдүк бөлүмдөр, айрым кызмат адамдары тарабынан макулдашылат. Бул документтин мазмунуна алардын макулдугун тастыктоо үчүн жасалат.
Макулдашуу макулдашуунун грифи же макулдашуу барагы менен таризделиши мүмкүн.
Макулдашуу грифи "МАКУЛДАШЫЛДЫ" деген сөздөн (саны боюнча өзгөрүүсүз), документ макулдашылган адамдын кызмат ордунун аталышынан, коюлган колунан (кол тамгасынан), анын чечмелөөсүнөн жана датадан турат. Макулдашуу грифи "Колу (кол тамгасы)" реквизитинен кийип, сол жактап жылдырылбай жайгаштырылат:
МАКУЛДАШЫЛДЫ Өнөр жай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы ________________ Аты-жөнү (кол тамгасы ) 00.00.0000 |
|
|
Эгерде макулдашуу коллегиялык орган тарабынан жүргүзүлсө, анда макулдашуу грифи төмөнкүдөй таризделет:
МАКУЛДАШЫЛДЫ Профкомдун жыйынынын _______________ № ______ протоколу |
|
|
Эгерде документтин мазмуну бир нече мекемелердин кызыкчылыктарын билдирсе, анда макулдашуу грифи өзүнчө баракта таризделет (4-тиркеме).
Макулдашуу барагына электрондук кол тамга да коюуга болот. Бул учурда макулдашуу барагынын эки варианты тең бирдей юридикалык күчкө ээ болот;
22) визалар. Ички макулдашуу виза менен таризделет, ал виза койгон адамдын кызмат ордунун аталышынан, кол тамгасынан, анын чечмеленишинен (аты-жөнү) жана датадан турат. Мекемеде калуучу документ нускаларына виза коюлат. Визалар "Колу (кол тамгасы)" реквизитинин алдына, документтин сол жагынан жылдырылбай жайгаштырылат:
Директор | колу (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
Пландоо бөлүмүнүн начальниги 00.00.0000 | колу (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
Документтин текстине макулдук берилбесе, сын-пикирлер жана толуктоолор бар болсо, алар өзүнчө баракка берилет. Виза бул учурда төмөнкүдөй таризделет:
Пландоо бөлүмүнүн начальниги Сын пикирлер тиркелет. 00.00.0000 | колу (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
23) аныктыгы өзгөчө ырастоону талап кылган документтерге, ошондой эле финансылык документтерге Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн мөөр (мындан ары - гербдүү мөөр) басылат. Гербдүү мөөр басылуучу документтердин болжолдуу тизмеги 5-тиркемеде берилет.
Документке коюлган мөөрдүн изи документке кол (кол тамга) койгон адамдын кызмат ордунун аталышынын жана коюлган жеке колунун (кол тамгасынын) бир бөлүгүнө бастырылып түшүрүлүшү керек;
24) көчүрмөнү ырастоо жөнүндө белги. Документтин көчүрмөсү - документтеги бардык реквизиттердин кайталанып берилиши. Ал мекеменин жетекчисинин же тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин резолюциясы боюнча берилет.
Мекеме өзүндө гана түзүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн ырастай алат (бул жобо архив мекемелерине жана нотариатка жайылтылбайт). Бирок ошол эле учурда жарандарды ишке, окууга кабыл алуу, алардын эмгек, турак-жай жана башка укуктарын канааттандыруу сыяктуу маселелерди чечүүдө мекемеге башка мекемелер берген документтердин көчүрмөлөрүн (дипломдордун, эмгек китепчелердин жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн) ырастоого уруксат берилет.
Мындай учурда документтин көчүрмөсү анын мазмунунун түп нускага туура келерин ырастаган кызмат адамынын колу (кол тамгасы) коюлуп ырасталат.
Документтин жогорку оң бурчуна "Көчүрмө" деген сөз жазылат. Документтин көчүрмөсүн ырастаганда "Колу (кол тамгасы)" реквизитинин төмөн жагына, сол жагынан жылдырылбай "Анык" деген ырастоочу жазуу, көчүрмөнү ырастаган адамдын кызмат ордунун аталышы, жеке колу (кол тамгасы), кол тамганын чечмелениши жана ырастоонун датасы жазылат:
Анык |
|
|
Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | колу (кол тамгасы) | Аты-жөнү |
00.00.0000 |
|
|
Көчүрмөлөр башка мекемелерге жиберилсе же айрым адамдардын колуна берилсе, аларга мекеменин тандоосу боюнча мөөр басылууга тийиш;
25) аткаруучу жөнүндө белги аткаруучунун аты-жөнүнөн, түзүмдүк бөлүмдүн аталышынан, анын телефон номеринен турат жана № 10 өлчөмүндөгү шрифтте терилет. Бул белги чыгыш документтерге гана коюлат. Ал документтин барагынын аягына сол бурчтан жылдырылбастан жайгаштырылат:
Мисалы: А.И.Кадыров, уюштуруу жана талдоо бөлүмү, 22-40-60.
Жетекчинин тапшырмасы боюнча аткаруучулардын тобу даярдаган документтеги аткаруучулар жөнүндө белгиде негизги аткаруучунун гана аты-жөнү көрсөтүлөт;
26) документтеги маселе чечилип, документ жиберилгенден кийин анын аткарылгандыгы жана көктөөгө жиберилгендиги жөнүндө белги дароо коюлат, ал документтин акыркы барагындагы тексттин бош жеринин төмөн жагына жазылып, "Көктөмөгө" деген сөздөн, документ жайгаштырыла турган көктөмөнүн номеринен, документтин аткарылгандыгы жөнүндө кыскача маалыматтан, коюлган колдон (кол тамгадан) жана датадан турат:
|
| 01-2/115-көктөмөгө 00.00.0000 суроо-талапка жооп (кол тамгасы) Аты-жөнү 00.00.0000 |
27) документтин мекемеге түшкөндүгү жөнүндөгү белги документтин кезектеги катар номерин жана түшкөн датасын (зарыл болгон учурда - түшкөн убактысын) камтыйт. Ал документтин биринчи барагынын төмөнкү оң жагына коюлат. Бул реквизитти тариздөө үчүн атайын каттоо штампы колдонулат (6-тиркеме);
28) документти автоматташтырылган түрдө издөө белгиси машиналык (санариптик) алып жүрүүчү файлдын аталышын, оператордун кодун, датасын жана мекемеде колдонулуучу башка издөө маалыматтарын камтыйт. Аткаруучунун аты-жөнүнөн төмөн, документтин сол жагынан жылдырылбай басылат:
2019-жыл үчүн отчёт, Мусаев, 00.00.0000.
§ 3. Документтин бланкы
15. Мекеменин документтери бланктарга таризделип, аларда милдеттүү түрдөгү реквизиттердин белгиленген тобу жана аларды жайгаштыруу тартиби болууга тийиш.
Кызматтык документтер А4 (210x297) жана А5 (148x210) форматтарындагы бланктарда түзүлөт, А6 (105x148) форматы сейрек пайдаланылат. Документтердин айрым түрлөрү үчүн А3 (297x420) форматын колдонууга жол берилет.
16. Мекемелерде колдонулуучу бланктардын түрлөрүнүн курамы жана формалары иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын сунушу боюнча мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет. Мекемелерде төмөнкүдөй бланктар колдонулат: жалпы бланк, кат бланкы, документтин конкреттүү түрүнүн бланкы:
1) жалпы бланкта төмөнкүдөй реквизиттер болуусу зарыл: Мамлекеттик гербдин сүрөтү же мекеменин эмблемасы, ведомствонун аталышы, мекеменин аталышы (7-тиркеме);
2) каттын бланкы төмөнкүдөй реквизиттерди камтыйт: Мамлекеттик гербдин сүрөтү же мекеменин эмблемасы; министрликтин же ведомствонун аталышы, мекеменин аталышы, түзүмдүк бөлүмдүн аталышы; ишкананын байланыш индекси, почта дареги, телефакс, телефон номерлери, электрондук почта дареги; банктын аталышы жана эсеп номери (мекеменин чечимине жараша көрсөтүлөт); мекеменин коду (мекеменин чечимине жараша көрсөтүлөт), салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мекеменин чечимине жараша көрсөтүлөт), документтин датасы жана номери, чыгыш документке шилтеме, контролдук терезе (8-тиркеме);
3) документтин конкреттүү түрүнүн бланкы төмөнкү реквизиттерди камтыйт: Мамлекеттик гербдин сүрөтү же мекеменин эмблемасы; министрликтин же ведомствонун аталышын, мекеменин аталышын, түзүмдүк бөлүмдүн аталышын; документтин түрүнүн аталышын, документтин датасын жана номерин, документ даярдалган же чыгарылган жерин камтыйт (9-тиркеме).
17. Реквизиттердин жайгашуусуна жараша бланктардын эки түрү колдонулат: узата жана бурчтук. Реквизиттердин узата жайгашуусунда мекеменин аталышы документтин жогорку талаачасын бойлото жазылат (8-тиркеме). Бурчтук жайгашуусунда - сол жактагы талаачанын жогорку бурчунун чегинде жазылат (10-тиркеме).
18. Мекеменин аты жана дареги эки тилде - мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат. Реквизиттер узата жайгаштырылганда сол тарабына мамлекеттик тилде, оң тарабына расмий тилде басылат. Бурчтук жайгашуусунда реквизиттер адегенде мамлекеттик тилде, андан төмөндө расмий тилде басылат. Зарыл болгон учурда реквизиттерди бланктарда чет тилинде басууга жол берилет. Мындай учурда тилдердин ирети төмөнкүдөй болууга тийиш: мамлекеттик, расмий, чет тили.
Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган адамдардын санынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилди билген шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын бланктары мамлекеттик тилде гана таризделишине жол берилет.
19. Бланк ак кагазга бир түстө, негизинен кара түстө даярдалат. Бланктар жок болгон учурда, документтерге мекеменин штампынын изи басылат.
Мамлекеттик герб тартылган бланктар мекемелердин тапшырыгы боюнча басмакана ыкмасы менен даярдалат жана так отчёттук бланк болуп саналат. Гербдүү бланктардын төмөнкү оң бурчуна басмакана ыкмасы же номер койгуч аркылуу иреттик номерлер коюлат. Бланктын иреттик номери 1000000 болгондо, кийинки номерлөөнү 1 цифрасынан баштоо зарыл.
Документтердин бланктары багыты боюнча гана пайдаланылууга тийиш жана мекеменин жетекчисинин атайын уруксатысыз башка мекемелерге жана адамдарга берилиши мүмкүн эмес.
Зарылдыгына жараша документтердин жаңы бланктарын колдонууга киргизүү мекеменин жетекчисинин уруксаты (тапшырмасы) боюнча жүзөгө ашырылат. Тийиштүү сунуштар иш кагаздарын жүргүзүү кызматымын жетекчиси тарабынан сунушталган бланктардын үлгүлөрү менен бирге киргизилет.
§ 4. Документтерди басып чыгаруу жана тариздөө
20. Мекемелерде документтерди басып чыгаруу жана тариздөө компьютерлерде белгиленген шаблондор боюнча Microsoft Word редакторундагы төмөнкүдөй тууралоо параметрлери менен жүргүзүлөт:
- гарнитуранын шрифти - Times New Roman (Times New Roman Cyr) же Arial, жөнөкөй, өлчөмү 12-14. Таблицаларда № 10 шрифтке чейин кичирейтүүгө жол берилет (текст батпаган учурда);
- сап аралык интервалы: А4 форматы үчүн - бир интервал; А5 форматы үчүн 14 пт, таблицаларда 11 пт өлчөмүнө чейин кичирейтүүгө жол берилет (текст батпай калган учурда);
- абзацтын биринчи сабы 1, 25 см чегинүү менен жазылат;
- туурасынан түздөө сөздөрдү ташымалдоосуз жасалат (таблицаларда туурасынан түздөө зарылдыгына жараша сөздөрдү ташымалдоо менен);
- беттердин номерлери төмөнкү колонтитулдун өң жак четине коюлат (биринчи бетке номер коюлбайт).
Документ бланкта же бланктан башка кагазда таризделсе да, анын ар-бир барагынын төмөнкүдөй талаачалары болууга тийиш: сол жагынан - 30 мм, оң жагынан - 15 мм өлчөмүнөн кем эмес, жогорку жана төмөнкү талаачасынан - 20 мм өлчөмүнөн кем эмес.
21. Документтин реквизиттери бири-биринен эки интервалга ажыратылат. Көп саптуу реквизиттердин курамдык бөлүктөрү ("Адресат", "Бекитүү грифи", "Макулдашуу грифи", "Тиркеменин бар экендиги жөнүндө белги") бири-биринен бир жарым интервалга ажыратылат.
Көп саптуу реквизиттердин максималдуу узундугу - 70 мм.
Төмөнкүлөр сол талаачанын чегинен тартып чегинүүсүз басылат: каттын текстинин аталышы, текст (абзацы жок), тиркеменин бар экендиги жөнүндө белги, кызмат ордунун аталышы, макулдашуу грифи, "Анык" деген күбөлөндүрүү жазуусу, ошондой эле "УГУЛДУ", "ЧЫГЫП СҮЙЛӨШТҮ", "ЧЕЧИШТИ", "ТОКТОМ КЫЛАТ"; аткаруучунун аты-жөнү жана анын телефон номери; документтин датасы; документтин каттоо номерине жана күнүнө шилтеме; визалар; документти автоматтык издөө үчүн белги.
3-глава. УТДнын айрым түрлөрүн даярдоо жана тариздөө
§ 1. Буйрук, тескеме
22. Буйруктар жана тескемелер менен уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү чечимдер, ошондой эле мекеменин ишинин оперативдик, уюштуруучулук, кадрдык жана башка маселелери таризделет.
Буйруктардын (тескемелердин) долбоорлору мекеменин жетекчисинин, анын орун басарынын тапшырмасынын негизинде же өз демилгеси аркылуу бөлүмчөлөр тарабынан даярдалат жана киргизилет.
Кадрдык маселелер боюнча буйруктардын (тескемелердин) долбоорлорун тийиштүү сунуштамалардын негизинде кадр кызматы даярдайт.
Буйруктардын (тескемелердин) долбоорлорунун сапаттуу даярдалышы жана алардын кызыкдар тараптар менен макулдашууну камсыздоо долбоорду даярдаган жапа киргизген бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
Буйруктардын (тескемелердин) долбоорлорунун талаптагыдай таризделишине көзөмөлдү иш кагаздарын жүргүзүү кызматы аткарат.
23. Буйруктардын (тескемелердин) долбоорлоруна жана алардын тиркемелерине долбоорду киргизген бөлүмдүн аткаруучусу жана жетекчиси, милдеттери жана тапшырмалары долбоордо каралган бөлүмдөрдүн жетекчилери, киргизилген маселелердин чечилишине кызыкдар бөлүмдүн жетекчилери, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү жана юридикалык кызматтын жетекчилери виза коюшат.
Эгерде макулдашуу процессинде долбоорго принциптүү мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилсе, ал өзгөртүүлөрдү эске алуу менен макулдашууга кайрадан берилет.
Буйруктун (тескеменин) долбоорун макулдашуу процессиндеги каршы пикирлер эске алынбаса, алар жыйынтык таблицасында баяндалып, ага буйруктун (тескеменин) долбоорун киргизген бөлүмдүн жетекчисинин колу (кол тамгасы) коюлат жана долбоорго тиркелет.
Бөлүштүрүлгөн милдеттерине ылайык орун басарлар жетекчиге кол (кол тамг6а) коюуга берилген буйруктардын (тескемелердин) долбоорлоруна виза коюшат.
24. Буйруктардын (тескемелердин) долбоорлору белгиленген формадагы стандарттуу бланктарда басылат жана кол (кол тамга) коюуга берилет, зарылдыгына жараша, буйруктун (тескеменин) маанисин, анын зарылчылыгынын негиздемесин, ошондой эле долбоор эмненин негизинде даярдалгандыгы, ким менен макулдашылгандыгы жана кандай кайчы пикирлер бар экендиги жөнүндөгү кыскача маалыматтарды камтууга тийиш болгон маалым кат менен кошо берилет. Буйруктун (тескеменин) датасы болуп - ага кол (кол тамга) коюлган дата эсептелет.
Буйруктар (тескемелер) катар номерлер менен календардык жыл чегинде номерленет; негизги иш боюнча жана өздүк курам боюнча буйруктар (тескемелер) өз-өзүнчө номерленет.
25. Буйруктар (тескемелер) эки тилде - мамлекеттик жана расмий тилде чыгарылат, эки вариантын тең бир бланкка басууга жол берилет. Адегенде мамлекеттик, андан кийин расмий тилдеги текст жайгаштырылат.
Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буйруктары (тескемелери) мамлекеттик тилде чыгарылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда - расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат.
Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган адамдардын санынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилди билген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын буйруктары (тескемелери) мамлекеттик тилде гана таризделишине жол берилет.
26. Буйруктардын (тескемелердин) көчүрмөлөрү же алардын көбөйтүлгөн нускалары иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, аткаруучу түзгөн жана кол (кол тамгасын) койгон таратуу көрсөтмөсүнө ылайык, жөнөтүүлөр көрсөткүчүндөгү адресаттарга иш кагаздарын жүргүзүүчү кызмат тарабынан жиберилет. Көчүрмө ошондой эле аткаруучуга да милдеттүү түрдө жиберилет.
Кадр маселелери боюнча буйруктардын (тескемелердин) көчүрмө бөлүктөрү же бул буйруктардын көчүрмөлөрү кадр маселелери боюнча кызматкердин колу (кол тамгасы) жана мөөрдүн изи менен күбөлөндүрүлөт.
27. Буйруктун (тескеменин) төмөнкүдөй реквизиттери бөлөт:
1) документтин түрүнүн аталышы;
2) буйруктун (тескеменин) датасы жана номери. Дата сөздүк-цифралык" ыкма менен таризделет, номер "№" белгисинен жана катар номеринен турат;
3) буйруктун аталышы анын мазмунун кыска жана так чагылдырууга тийиш. Аталыштын аягына чекит коюлбайт. Аталыш 1 сап интервал менен кочкул шрифтте терилип, борборлоштурулуп тегизделет. Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамасын бекитүү жөнүндө
Тескемелердин аталыштары болбойт ;
4) текст аталыштан эки сап интервал менен ажыратылат жана № 12-14 өлчөмүндөгү шрифтте бир интервал менен тексттин талаачасынын сол чегинен тарта терилип, туурасынан тегизделет.
Буйруктун (тескеменин) тексти эки бөлүктөн турушу мүмкүн: негиздөөчү (преамбула) жана тескөөчү бөлүк.
Негиздөөчү бөлүктө (преамбулада) буйрукту (тескемени) чыгаруу үчүн негиз болгон максат жапа милдеттер, фактылар жана аракеттер кыскача баяндалат. Ал "максатында", "аткаруу үчүн" деген сөздөр менен коштолушу мүмкүн. Эгерде буйрук (тескеме) башка документтин негизинде чыгарылса, негиздөөчү бөлүгүндө (преамбулада) бул документтин илик жөндөмөдөгү аталышы, анын автору, датасы, номери жана аталышы көрсөтүлөт.
Буйруктардын долбоорлорундагы негиздөөчү бөлүк (преамбула) "буйрук кылам" деген сөздөр менен аякталып, кочкул шрифт менен терилет.
Тескөөчү бөлүк негиздөөчү бөлүктөн (преамбуладан) эки сап интервалга бөлүнөт. Ал ар бир иш-аракеттин аткаруучусун жана аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен көрсөтмө берилген иш-аракеттердин тизмесин камтууга тийиш. Тескеме бөлүгү араб цифралары менен номерленген пункттарга жана пунктчаларга бөлүнүшү мүмкүн. Ар бир пункт (пунктча) абзацтан тартып басылат жана мурдагыдан кийинкиси эки сап интервалга бөлүнөт. Бир түрдүү мүнөздөгү аракеттер бир пунктта көрсөтүлүшү мүмкүн. Аткаруучулар катары түзүмдүк бөлүмдөр же конкреттүү кызмат адамдары көрсөтүлөт. Тескеме бөлүгүнүн акыркы пункту буйруктун аткарылышына көзөмөл жүктөлгөн бөлүм же кызмат адамы жөнүндө маалыматты камтышы мүмкүн.
Эгерде буйрук (тескеме) башка документти, анын кайсы бир жоболорун өзгөртсө же жокко чыгарса, анда тексттин тескөөчү бөлүгүнүн пункттарынын бири анын датасын, номерин жана аталышын көрсөтүү менен жокко чыгарылган документке (документтин пунктуна) шилтемени камтуусу зарыл. Пункттун тексти "Төмөнкүлөр күчүн жоготту..." деген сөздөр менен башталууга тийиш;
5) кол (кол тамга) документке кол (кол тамга) койгон адамдын кызмат ордунун аталышынан, жеке колунан (кол тамгасынан) жана коюлган колдун (кол тамганын) чечмеленишинен (инициалдар, фамилия) турат.
Буйруктарга (тескемелерге) мекеменин жетекчисинин, ал жокто анын орун басарынын колу (кол тамгасы) коюлат.
Буйруктун үлгүсү 11-тиркемеде берилген.
28. Мекемелердин биргелешкен буйруктары А4 форматындагы стандарттуу барактарда басылат.
Биргелешкен буйрукту тариздөөдө:
- мекемелердин аталыштары бирдей деңгээлде жайгаштырылат;
- биргелешкен буйруктун датасы - эң кийинки коюлган датага шайкештелген бирдиктүү дата;
- эки жана андан ашык мекемелер тарабынан даярдалган документтин каттоо номери документтердин авторлорун көрсөтүү тартибинде жантык сызык аркылуу ажыратылып, бул мекемелердин ар биринин документтеринин каттоо номерлеринен турат;
- мекемелердин жетекчилеринин колдору (кол тамгалары) тексттин төмөн жагында бир деңгээлде жайгаштырылат.
§ 2. Жобо, эреже, нускама
29. Жобонун (эреженин, нускаманын) долбоорун даярдоонун тартиби УТДнын долбоорлорун даярдоонун жалпы тартибине ылайык жүргүзүлөт.
Жобонун (эреженин, нускаманын) долбоорунун тексти А4 форматындагы стандарттуу баракка басылат. Текст үчүнчү жактын атынан жеке жана көптүк сан түрүндө баяндалат. Текстте: "тийиш", "керек", "зарыл", "тыюу салынат", "жол берилбейт" деген сөздөр пайдаланылат.
Жобонун (эреженин, нускаманын) текстинин аталышы "Эмне жөнүндө?" деген суроого жооп берет; кызматтык талаптарды жана иш жүргүзүү тартибин камтыган (кызматтык нускама) нускаманын аталышы "Кимдин?" деген суроого жооп берет (Башкы адистин кызматтык нускамасы).
"Жалпы жоболор" бөлүмү жобонун (эреженин, нускаманын) негиздөөчү бөлүгү катары кызмат кылат, ал жерде документтин иштелип чыгуу негиздери, анын негизги максаты жана ал жайылтылуучу чөйрө, белгиленген эрежелердин жана технологиялардын бузулушуна жоопкерчилик көрсөтүлөт.
Жобонун (эреженин, нускаманын) негизги тексти бөлүмдөргө, бөлүмчөлөргө, главаларга, пункттарга, пунктчаларга жана абзацтарга бөлүнүшү мүмкүн. Главалар аталыштарга ээ болууга тийиш.
Главалар жана пункттар араб цифралары менен номерленет.
Жобону, эрежени, нускаманы тариздөө үлгүсү 12-тиркемеде берилген.
§ 3. Протокол
30. Жыйындын (кеңешменин) протоколу кеңешме (жыйын) учурунда жүргүзүлгөн жазуулардын, баяндамалардын жана жарыш сөздөрдүн тезистеринин, маалым каттардын, чечимдердин долбоорлорунун негизинде түзүлөт.
Протоколдун тексти эки бөлүктөн: кириш жана негизги бөлүктөрдөн турат.
Кириш бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: төрага (төрагалык кылуучу), катчы, катышкандардын тизмеси (алардын саны 15 адамдан ашса, катышкандардын тизмесинин тиркемесине шилтеме) жана күн тартиби - күн тартибинин ар бир пункту боюнча баяндамачысын көрсөтүү менен маанилүүлүгүнө карата каралуучу маселелердин тизмеги.
"Катышкандар" деген сөз сол талаачанын чегинен тартып терилет, сөздүн аягына кош чекит коюлат. Андан төмөндө катышкандардын кызматтары, инициалдары жана фамилиялары көрсөтүлөт.
Күп тартибинин ар бир маселеси араб цифрасы менен номерленет жана анын аталышы сол талаачанын чегинен тартып басылып "жөнүндө" деген сөз менен аяктайт.
Протоколдун негизги бөлүгү күн тартибинин пункттарына ылайык келген, номерленген бөлүктөрдөн турат. Ар бир бөлүктүн тексти төмөнкүдөй схема боюнча түзүлөт: УГУЛДУ - ЧЫГЫП СҮЙЛӨДҮ - ТОКТОМ КЫЛАТ (ЧЕЧИМ КЫЛАТ).
Баяндамалардын жана жарыш сөздөрдүн негизги мазмуну протоколдо берилет же ага тиркелет; тиркелген учурда текстке "Жарыш сөздүн тексти тиркелет" деген жазуу жазылат. Токтом (чечим) протоколдун текстинде толук басылат; зарылчылык болсо, добуш берүүнүн жыйынтыгы чагылдырылат.
Талкуу учурунда айтылган өзгөчө пикирдин мазмуну протоколдун тийиштүү токтомунун (чечиминин) текстинен кийин жазылат.
31. Протоколдор кыскача формада жазылышы мүмкүн, мындай учурда маселенин талкуусу жазылбайт жана ал боюнча кабыл алынган чечим гана белгиленет. Бул учурда күп тартиби жазылбайт; катышкандардын тизмеси протоколдун негизги бөлүгүнөн үзгүлтүксүз сызык менен бөлүнөт.
Протоколдун негизги бөлүгү каралып жаткан маселелерди жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтыйт. Маселенин аталышы араб цифрасы менен номерленет, аталышына "жөнүндө" деген сөз уланат жана бул маселени талкуулоодо чыгып сүйлөгөн кызмат адамдарынын аты-жөнү көрсөтүлөт. Алар бир сап интервал аркылуу басылат. Мындан кийин бул маселе боюнча кабыл алынган чечим көрсөтүлөт.
32. Протоколго жыйынга төрагалык кылган адамдын жана катчынын кол тамгалары коюлат. Коюлган кол тамгалар тексттен жана бири-биринен эки сап интервалга ажыратылып жазылат.
Жыйын өткөрүлгөн күн протоколдун датасы болуп саналат.
Календардык жыл чегиндеги протоколдордун ар бир тобуна өзүнчө катар номерлер ыйгарылат: коллегиянын жыйындарынын протоколдору, техникалык, илимий жана эксперттик кеңештердин жана башка жыйындардын протоколдору. Биргелешкен жыйындардын протоколдоруна жыйынга катышкан мекемелердин протоколдорунун катар номерлерин жантык сызык аркылуу камтыган курамдык номер коюлат.
Коллегиялык органдардын токтомдоруна (чечимдерине) календардык жыл ичиндеги катар номерлер берилет. Жыйындарда кабыл алынган токтомдордун (чечимдердин) номерлери протоколдун катар номеринен жана жантык сызык аркылуу токтомдун (чечимдин) катар номеринен турат.
33. Протоколдордун көчүрмөлөрү зарыл болгон учурларда таратуу көрсөтмөсүнө ылайык кызыкдар мекемелерге жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт; таратуу көрсөтмөсүн протоколдун долбоорун даярдаган бөлүмдүн жооптуу аткаруучусу түзөт жана колун (кол тамгасын) коёт. Протоколдордун көчүрмөлөрү иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Кабыл алынган чечимдер протоколдун көчүрмөсү түрүндө аткаруучуларга жеткирилет, алар иш кагаздарын жүргүзүү кызматынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
34. Протоколдор № 12-14 шрифт өлчөмүндө протокол бланкына же А4 форматындагы мекеменин жалпы бланкына терилет жана төмөнкүдөй реквизиттерге ээ болот:
1) документтин аталышы - "ПРОТОКОЛ" сөзү жогорку талаачанын чегинен тартып кочкул шрифтте, баш тамгалар менен терилет жана борборлоштурулуп түздөлөт;
2) жыйындын (кеңешменин) түрү, коллегиялык органдын аталышы документтин аталышынан эки сап интервал менен ажыратылат; кочкул шрифт менен бир сап интервал аркылуу басылып, борборлоштурулуп түздөлөт;
3) протоколдун датасы жана номери 2 сап интервал аркылуу мурдагы реквизиттин төмөн жагына сол талаачадан чегинүүсүз терилет. Датасы сөздүк-цифралык ыкмада таризделет. Протоколдун номери араб цифрасы менен терилет жана "№" белгисинен жана протоколдун катар номеринен турат;
4) жыйын (кеңешме) өткөрүлгөн жер (зарылчылык болсо) мурдагы реквизит көрсөтүлгөн сапта көрсөтүлөт жана документтин оң жак чеги боюнча түздөлөт.
Протоколдун негизги бөлүгү 1 сап интервал аркылуу басылат.
"УГУШТУ", "ЧЫГЫП СҮЙЛӨДҮ", "ТОКТОМ КЫЛАТ", ("ЧЕЧИШТИ") деген сөздөр сол талаачанын чегинен тартып баш тамгалар менен жазылат, алардан кийин кош чекит коюлат. Чыгып сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү сол талаачадан чегинүүсүз жазылып, андан кийин кош чекит коюлат. Сүйлөгөн сөздөрүнүн мазмуну сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү кеңдик өлчөмүнө карай четки сол талаачадан тартып чегинүү менен терилет.
Ар бир маселе боюнча чечимдин номери күн тартибиндеги маселенин жана бул маселеге байланыштуу чечимдин пунктчасынын катар номеринен турат.
Протоколду тариздөөнүн үлгүсү 13-тиркемеде келтирилген.
35. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү протокол мамлекеттик тилде таризделет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилге которулат. Катышуучулардын мамлекеттик тилден башка тилдеги сүйлөгөн сөздөрү мамлекеттик тилге которулууга тийиш.
4-глава. Документтер менен иштөөнү уюштуруу
§ 1. Документ жүгүртүүнү уюштуруу
36. Мекемеге документтердин келген же даярдалган учурунан тартып, алардын аткарылып, жөнөтүлүп жана көктөөгө жиберилгенге чейинки кыймылы документ жүгүртүү болуп саналат.
Документтердин мекемеде жүгүртүлүшү ыкчам жана максаттуу жөнгө салынууга тийиш. Ишке кереги болбогон документтерди инстанциялардан өткөрүүнүн зарылчылыгы жок.
Документтер Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегине ылайык кагаз жана/же электрондук түрдө түзүлөт.
Автоматташтырылган маалыматтык технологияларды пайдаланууда документтерди жүгүртүү схемасына компьютердик каражаттардын жана көмөкчү техникалардын жардамы менен аларды иштеп чыгуунун бардык пункттары киргизилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207, 2024-жылдын 11-октябрындагы № 614 токтомдорунун редакцияларына ылайык)