Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 12-февралы № 38
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 71, 2021-жылдын 5-мартындагы № 77, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 248, 2023-жылдын 13-январындагы № 13 , 2025-жылдын 10-мартындагы № 124, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-февралындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4357-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин базасында;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин базасында;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында.
2. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, мында туризм чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине өткөрүп берилсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине, мында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен региондук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматына;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине;