Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 248
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүнүн айрым бөлүнүштөрүнүн жана мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө» жана 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» жарлыктарына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
1, 8-пункттарындагы «, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо» деген сөздөр алып салынсын;
2-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пунктундагы «Экономика жана финансы» деген сөздөр «Финансы» деген сөз менен алмаштырылсын;
9-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
10-пунктунда:
1-пунктчасында: