Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 25-марты № 116
"2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары жана Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-мартындагы № 116 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу), Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин бардык кызыктар министрликтер, ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2020-ж. 22.09. № 6-3219и/20 каты, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2020-ж. 22.09. № 6-3218и/20 каты, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-ж. 29.09. № 6-3265и/20 каты) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 355-б буйругу менен жактырылган.