Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-апрели № 124
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:
- 3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тандоо боюнча - курагы жана майыптыгы боюнча пенсияга укуктуу (ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдардан тышкары) жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдарга;";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мөөнөттүү пенсиялык төлөм ушул Эрежелердин 3-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарга тандоо боюнча жүргүзүлөт.";
- 6-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Эреженин 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом мурда мөөнөттүү пенсиялык төлөм белгиленген адамдарга карата колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.