Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 30-декабры № 723
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Бюджеттик мекемелердин дебитордук жана кредитордук карызын жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ресурстардын түшүүлөрүн эсепке алууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9, 114 жана 118-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:
- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу, он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кредиттик карыз жөнүндө отчет" (25-тиркеме);
- "Дебитордук карыз жөнүндө отчет" (26-тиркеме).";
- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 13, 14 жана 15-пунктчалар менен толукталсын:
"13) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ресурстардын күн сайын түшүүлөрү (27-тиркеме);
14) ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү жөнүндө отчет (28-тиркеме);
15) атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү жөнүндө отчет (29-тиркеме).";
- Нускама ушул токтомдун 1-5-тиркемелерине ылайык редакцияда 25-29-тиркемелер менен толукталсын.