Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 25-июну № 44
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20 майындагы № 260, 2023-жылдын 17-февралындагы № 84, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 , 2024-жылдын 10-майындагы № 241 , 2024-жылдын 28-майындагы № 285 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментине;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине;
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 241 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна;