Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы N 118 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" ТУРАК ЖАЙ ПРОГРАММАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 217, 2023-жылдын 14-мартындагы № 140, 2024-жылдын 16-февралындагы № 61 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Киришүү
1. 2021-2026-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун "Менин үйүм" программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык иштелип чыкты.
2. Кыргыз Республикасы, мамлекет катары, учурда дүйнө жүзүндө басымдуулук кылган рыноктук экономиканын принциптерин өзүнүн өнүгүүсүнүн негизи катары кабыл алган. Өлкөнүн мындай өнүгүү стратегиясында калктын турак жайга болгон суроо-талабын канааттандырууга мүмкүндүк берген турак жайды каржылоонун рыноктук системасын түзүү зарыл.
Курулушту жана калкты турак жай менен камсыз кылууда бюджеттик каржылоо кыскарган шарттарда дүйнөнүн экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрүндө болуп жаткан сыяктуу эле жарандардын кирешеси, финансы-кредиттик мекемелердин каражаттары, ошондой эле фондулук рыноктун инструменттери турак жай сатып алуу үчүн каражаттардын негизги булагы болот.
3. Эл аралык тажрыйбага ылайык, турак жай тармагын өнүктүрүү көптөгөн институттар менен бирге ишке ашырылат, алардын негизгилери: ипотекалык компаниялар, коммерциялык банктар, курулуш жана девелопер компаниялары, турак жай-аманаттык кредиттик компаниялары болуп саналат.
4. Программаны ишке ашыруунун алкагында турак жай менен камсыз кылууга комплекстүү мамилени колдонуу пландалууда. Аталган мамиле турак жай курулушунун көлөмүн арттырууга, анын наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоо, ипотекалык кредит берүү шарттарын жакшыртууга жана жеке турак жай шарттарын өз алдынча жакшыртууга мүмкүнчүлүгү бар жарандардын санын көбөйтүүгө көмөк түзөт.
5. Программа мамлекеттик колдоонун негизги долбоордук багыттарын өнүктүрүү жолу менен калк үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чаралардын өз ара байланыштагы комплексин камтыйт.
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
6. Өткөн 10 жылда республикада калкты турак жай менен камсыз кылуу көрсөткүчү дээрлик өзгөргөн жок жана 1 адамга 15,7 кв.м ашкан эмес. 2010-жылдан тартып калкты турак жай менен камсыз кылуунун төмөндөө тенденциясы байкалууда жана 2020-жылы республика боюнча калкты турак жай менен камсыз кылуу 1 адамга 12,5 кв.м түздү: шаар жеринде 13,5 кв.м жана айыл жеринде 12,8 кв.м (1-сүрөт). Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) социалдык стандарты боюнча ар бир жаранга 30 кв.м турак жай туура келиши керек.
1-сүрөт. Турак жай менен камсыз болушу, 1 кишиге чарчы м
7. Өлкөдө турак жай фондунун жетишсиздиги байкалууда 1 адамдын 18 кв.м турак жай менен орточо камсыздалышына жетүү үчүн, Кыргыз Республикасында бардык калкка 117 млн. кв.м турак жай болууга тийиш (6,523 млн. адам х 18 кв.м - 117 млн. кв.м). Бирок, 2020-жылдын аягына карата турак жай фонду 86,463 млн. кв.м түзгөн. 2020-жылга турак жай фондунун жетишсиздиги 30,960 млн. кв.м түзгөн.
8. Эгер республикада турак жайды колдонууга берүү темпи өткөн 10 жылдын деңгээлинде жылына орточо 1060 миң кв.м болсо, турак жай фондунун жетишпеген санын куруп бүтүүгө 29 жылдан кийин мүмкүн болот (30,960 млн. кв.м /1060 млн. кв.м). Ошол эле учурда, 127 миң адамды түзгөн, калктын ар жылдык орточо табигый өсүшүн эске алуу менен 1 адамга турак жайдын 18 кв.м кем болбогон ар жылдык ченемин кармап туруу үчүн жылына 2,214 млн. кв.м көлөмүндө турак жай курулушун ишке ашыруу зарыл.