Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун, 2023-жылдын 14-мартындагы № 140 редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 20-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"— коммерциялык өнөктөш банктардан талап кылуу укугун МИКке/башка өнөктөш банктарга кайра каржылоо/которуу/өткөрүп берүү же башка мүмкүн болгон методдорду колдонуу менен жеңилдетилген ипотекалык кредиттер боюнча акыркы пайыздык ставканы этабы менен жылдык 4 пайызга чейин төмөндөтүү;";
- 24-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) жарандардын чыгымдарын азайтуу максатында, Программаны ишке ашыруунун алкагында жарандар тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун электрондук формасы киргизилет.";
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 6-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
20
| Турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында жарандар тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун электрондук формасын киргизүү
| Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо процесстерин санариптештирүү жүзөгө ашырылды
| 2022-2023-жылдар | СӨМ, АЧМ | Бекитилген бюджеттин чегинде |