Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-мартындагы N 118 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-марты № 140
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасында:
- 20-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) инвестициялык каражаттарды берүүдө эл аралык донорлордун өзгөчөлүгүн жана шарттарын эске алып, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын чектелүү экендигин көңүлгө алуу менен ушул Программанын алкагында турак жайды каржылоонун үч негизги багыты аныкталат: "Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека". "Социалдык ипотека" багыты боюнча негизинен "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" механизмин ишке ашыруу пландалууда. "Жеңилдетилген ипотека" багыты артыкчылыктуу түрдө контракттык турак жай-аманат системасы аркылуу ишке ашырылат. "Арзан ипотека" багыты боюнча турак жайды каржылоо иштеген чөйрөсүнө карабастан өлкөнүн бардык жарандары үчүн жеткиликтүү болот.";
2) Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор