Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-октябры № 228
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-марты №156 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде калкты сурамжылоо жолу менен 2022-жылдын 25-мартына карата абал боюнча эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлсүн.
Республиканын алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейинки мезгилде ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр катталууга тийиш экендиги белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык турак жайлар.
3. 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык комиссиясы жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча маалыматтарды чогултуу жана жыйынтыгын иштеп чыгуу үчүн ишке тартылган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсациянын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу үчүн ишке тартылган персонал үчүн алардын негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы жана кошумча төлөмдөрдүн бардык түрлөрү же окуган жери боюнча стипендиялары, ал эми убактылуу жумушсуздар үчүн алар жумушсуздук боюнча алган жөлөкпулдарынын сакталары;
3) Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча уюштуруу-методикалык иштерди камсыздоо үчүн ишке тартылган кызматкерлерге:
- эмгек акы төлөө өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык;
- иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 6-тиркемеге ылайык;
- өргүүгө чыгууда иш жүзүндө 1 жыл жана андан көп иштеген мезгили үчүн ден соолугун чыңдоого эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө жөлөкпул.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен (макулдашуу боюнча):
- 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүшсүн жана жүргүзүү боюнча комиссияларды жер-жерлерде түзүшсүн;
- эл жана турак жай фондун каттоого өз убагында даярдык көрүүнү жана жүргүзүүнү, каттоо кызматкерин тандап алууну, каттоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө эл арасында жалпыга маалымдоо-түшүндүрүү иштерин уюштурууну камсыз кылышсын;
- аймактык статистика органдары эл жана турак жай каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү, каттоонун материалдарын кабыл алуу жана текшерүү менен иштеген персоналды жайгаштыруу үчүн жайлар, байланыш каражаттары, эмерек жана шаймандар менен 2021-жылдын 1-ноябрына чейин камсыз кылышсын;
- 2021-жылдын 1-ноябрына карата облустардын, райондордун, шаарлардын, айылдык аймактардын, шаар тибиндеги айылдардын жана айылдардын административдик-аймактык чек араларын такташсын, алардагы көчөлөрдүн жана турак жай массивдеринин аталыштарын, үй чарбаларынын жана батирлердин номерленишин тартипке келтиришсин, курулуп жаткан кварталдардагы, турак жай массивдериндеги турак үйлөрдүн аныкталышын жана номерленишин, үйлөрдө номер белгилердин жана көчөлөрдүн аталыштары бар табличкалардын болушун камсыз кылышсын;
- 2022-жылдын 15-январына карата эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү мезгилинде аймактык статистикалык органдар менен макулдашуу боюнча каттоо персоналын эмеректер, компьютердик техника, шаймандар, телефон байланыштары, автотранспорт жана жабдылган тийиштүү корголгон жайлар менен камсыз кылышсын;
- аймактык статистика органдары менен макулдашуу боюнча эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү үчүн ишке тартылган каттоо персоналынын курамын бекитишсин жана аймактык статистика органдары менен биргеликте аларга күбөлүктөрдү беришсин;
- эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүүгө ишканалардын жана уюмдарды кызматкерлерин, мектеп мугалимдерин, окутуучуларды, жогорку жана орто атайын окуу жайларынын студенттерин жана он сегиз жаш куракка толгон окуучуларын, пенсионерлерди, ошондой эле иштебей жүргөн эмгекке жарактуу калкты ишке тартышсын;
- күбөлүктү көрсөткөндө шаардык транспорттун бардык түрлөрүңдө жана шаар четиндеги маршруттардагы автобустарга каттоодон өткөн персоналдын (координаторлор, инструктор-контролерлор, каттоочулар) акысыз жүрүүсүн камсыз кылышсын;
- Кыргыз Республикасынын аймактарында эл жана турак жай фондун толук каттоону камсыз кылуу чараларын көрүшсүн.
(КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-марты №156 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):