Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 1-ноябры № 234

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Алкоголдук рынокту мамлекеттик контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Түрлөрү, аталыштары жана сыйымдуулугу (алкоголдук буюмдар үчүн) боюнча акциздик продукцияны маркалоо салык кызматы органынын акциздик маркаларды берүү тууралуу чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.";

- 12-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2-тиркемесине" деген сөздөр "№ 3 тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы № 3 тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

А.У. Жапаров

 

Тиркеме

 

 

"Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого № 3 тиркеме

___________________________________________________________________

(Салык кызматынын органынын аталышы)

Акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебине акциздик буюмдарды СПЕЦИФИКАЦИЯЛОО 20___-жылдын "___" _____________ № ______

Салык төлөөчүнүн аталышы

 

Юридикалык дареги жана телефону

 

ИСН

 

Катар №

Акциздик продукциянын түрү

Акциздик продукциянын маркасы (аталышы)

Идиштин сыйымдуулугу. Тамеки буюмдарынын түрү

Сатып алынуучу акциздик маркалардын саны

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Уюмдун жетекчиси:

____________________ (аты-жөнү)

____________ колу

 

 

М.О.".