Редакцияот 17.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 17-декабры № 306

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Жалпы жарандык паспорт он жылдык мөөнөткө берилет. 16 жашка толо элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен таризделет:

- бала төрөлгөн учурдан тартып жана ал бир жашка толгонго чейин - эки жылдык мөөнөткө;

- бир жаштан тартып ал 16 жашка толгонго чейин - беш жылдык мөөнөткө.".

2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 25-декабрынан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.У. Жапаров