Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы N 142 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 31-декабры № 362
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө", 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомдорун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган токтомдун тиркемеси тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ушул токтомдо көрсөтүлгөн юридикалык жакты юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (мындан ары - Мекеме) саламаттык сактоонун жана илимдин мамлекеттик мекемеси болуп саналат, функцияларды аткарууну финансылык камсыздоо республикалык бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мекеменин уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.