Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 161 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2022-жылдын 30-марты № 186
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 6-бөлүгүнө жана 41-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 "Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- никелешүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкынын формасы (сүрөттөмөсү жана үлгүсү) ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |