Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 202
2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 378, 2023-жылдын 29-майындагы № 285, 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
1) Концепцияны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.
4. Концепция Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан ишке ашырылары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 363 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 токтомуна) |
2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Киришүү
2022-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.
Бажы чөйрөсүндөгү жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 12 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин 2025-жылга чейин сапариптик күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын, эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугун түзгөн актылардын жоболорун эске алуу менен шартталган.