Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 245
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүруү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2025-жылдын 13-августундагы № 490 , 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтомунун редакциясына ылайык)
Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнү талаптагыдай жана натыйжалуу техникалык координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасын санариптештирүү чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү техникалык милдеттерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мекеме) түзүлсүн.
2. Мекеме жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мекеме электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн төмөнкү элементтеринин оператору болуп аныкталсын:
- «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы;
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;
- Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы;
- Бирдиктүү идентификациялоо системасы;
- Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестри;
- Базалык маалыматтык ресурстардын реестри.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 «Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемесине» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31 -декабрындагы № 745 «Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнундө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын.