Загрузка документа…
Көңүл буруңуз! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 263
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716, 2023-жылдын 16-майындагы № 254, 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн 7040 сом өлчөмүндө минималдуу базалык ставка белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун техникалык. персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөрү:
- өргүүгө чыгууда - эки айлык орточо эмгек акы өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;