Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 токтомуна) |
Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 194, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 25-мартындагы № 129, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 28-августундагы №533, 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучуларына карата колдонулат жана эсеп-фактураны электрондук документ, анын ичинде электрондук кол тамганы колдонуу менен кошумча документ (мындан ары - түзөтүүчү) түрүндө жүгүртүүдө (мындан ары - тариздөө/алуу) электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын (мындан ары - электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучулары) ортосунда документ жүгүртүүнүн жол-жоболорун белгилейт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) электрондук документтер түрүндөгү эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы - салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасынын модулу (мындан ары - ЭЭФ МС);
3) салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жагдайлар болгон учурда салыктарды төлөө жана эсеп-фактураны тариздөө милдети жүктөлгөн субъект;
4) эсеп-фактуранын номери - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ЭЭФ МСте түзүлүүчү эсеп-фактуранын уникалдуу генерацияланган номери;
5) салык төлөөчүнүн профили - электрондук документ жүгүртүүгө катышуу үчүн ЭЭФ МСтеги электрондук сервис;
6) эсеп-фактура - товарды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарына ылайык электрондук документ же кагаз жүзүндөгү документ түрүндө таризделүүчү салыктык документ;
7) ЭЭФ МС катышуучусунун эсептик системасы - алгачкы эсепке алуу документтеринин маалыматын, бухгалтердик эсепке алуу регистрлерин, салык салынуучу объекттер жана/же салык салууга байланыштуу объекттер жөнүндө маалыматты камтыган, салыктык милдеттерди аткаруу максатында жүргүзүлүүчү бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу системасы;
8) салык төлөөчүнүн электрондук кол тамгасы (мындан ары - ЭК) - электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген электрондук кол тамга;
9) электрондук документ жүгүртүү - эсеп-фактураларды тариздөө/алуу, ошондой эле ЭЭФ МСте эсеп-фактураларга номерлерди ыйгаруу;
10) Excel жана xml форматы - Microsoft Office Excel электрондук таблицалары менен иштөө үчүн программалык камсыздоо файлдарынын форматы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар бул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Бул Тартиптеги терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши берилбеген учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) укугунда аныкталган мааниде чечмеленет.