Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-марты № 129
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомунун редакциясына ылайык)
Ата мекендик өндүрүүчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү жана аларды колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 128, 178, 315-беренелерине, 423-беренесинин 13-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи сап менен толукталсын:
"
2301 10 000 0 | Майда жана кесек ун жана эттен же эт субпродуктуларынан жасалган гранулдар; майдын сызыктары |
".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары катталууга жана эсеп-фактураларды тариздетүүгө карата талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча нөлдүк ставканы колдонгон, ККМди колдонуу менен ишкердик жүргүзгөн, катары менен келген акыркы 12 айдын ичинде түшкөн акчасынын көлөмү 15000000 сомдон ашпаган салык төлөөчүлөргө;
- патенттин негизинде салык төлөгөн жана жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактарга жеке жана/же үй-бүлөлүк керектөө үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү саткан салык төлөөчүлөргө;
- жеке айыл чарба продукцияларын саткан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:
- 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 61-1-пункт менен толукталсын;
"61-1 Салыктарды жалпы салык режими боюнча төлөп жаткан салык төлөөчү:
1) чет өлкөлүк уюмдан же жеке ишкерден берилүүчү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 315-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсепке алуу укугун алуу үчүн өзүнүн дарегине эсеп-фактура таризделет;
2) айыл чарба өндүрүүчүсүнөн анын айыл чарба продукциясын сатып алууга эсеп-фактура таризделет.".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- 3-пунктчада:
"субъектке жана" деген сөздөр алып салынсын;
"1-апрелинен" деген сөздөр "1-июлунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктчада "2024-жылдын 1-апрелинен" деген сөздөр "2025-жылдын 1-январынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесинде:
- 2-пунктта:
7, 8-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте мындай маалыматтык системаны ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен милдеттүү интеграциялоо шартында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга заказ кылуу үчүн колдонулуучу жүргүнчүлөрдү жеңил транспорт менен ташуу (такси кызматтары) жана такси кызматынын жана курьердик кызматтын маалымат системасын пайдалануу менен курьерлер менен товарларды жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
8) жүктөрдү кол арабасы менен ташуу, базарларда жана эл көп чогулган башка жерлерде радио аркылуу жарыялоо, телевизиондук антенналарды орнотуу, үй шартында кир жуу, мал союу, малдын терисин жана жүнүн даярдоо, малдын жүнүн тароо жана жүнүн тытуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;";
10-пунктчада "патенттин негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
20-пунктча "көчмө прилавкаларды," деген сөздөрдөн кийин "чатырларды, боз үйлөрдү," деген сөздөр менен толукталсын;
26-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26) өзгөчө режимдеги соода зоналарында ишке салык төлөгөн салык төлөөчү тарабынан товарларды сатуу;";
төмөнкүдөй мазмундагы 27-35-пунктчалар менен толукталсын:
"27) өзү өндүргөн кол өнөрчүлүк ишинин (элдик көркөм кол өнөрчүлүгүнүн) продуктуларын сатуу;
28) ачкычтарды жана кулпуларды даярдоо жана оңдоо;
29) жасалма гүлдөрдү жана аза гүлчамбарларын жасоо;
30) I топтогу майыптар тарабынан көрсөтүлүүчү дарылоочу массажынын кызмат көрсөтүүлөрү;
31) төмөнкүлөрдү оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр:
а) телевизорлорду, радиоприемниктерди, видеокамераларды, магнитофондорду, CD, DVD;
б) муздаткычтарды, микротолкундуу мештерди, кир жуугуч жана үтүктөөчү машиналарды, кондиционерлерди жана башка тиричилик приборлорун;
в) бут кийим жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды;
г) жеке пайдалануудагы башка буюмдарды (велосипед, кийим, аң-тери, тигүү, трикотаж жана галантерея буюмдары, китептер, музыкалык аспаптар, оюнчуктар);
32) кесүүчү аспаптарды оңдоо жана курчутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
33) эмеректерди ондоо жана реставрациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
34) акы төлөнүүчү дааратканалардын кызмат көрсөтүүлөрү;
35) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен мындай соода платформасын милдеттүү түрдө интеграциялоо шартында электрондук соода чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соода платформасын пайдалануу менен товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу.";
- 2-1-пунктта "5-10, 19-22-пунктчаларында" деген сөздөр "5, 6, 8-10, 22, 27-34-пунктчаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттун таблицасында:
2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"