Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2022-жылдын 20-майы № 261
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Пенсиянын топтоо бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору барларга чектелет жана төлөнүп берилет, анын ичинде:
1) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алуучу пенсионерлерге;
2) пенсияга чыгууга укуктуу жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөөгө кайрылган адамдарга;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого көчүп кеткен же көчүп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;
4) каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна;