Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-марты № 134
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 308, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2026-жылдын 5-февралындагы № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун компоненттерин киргизүүнүн алкагында салык кызматынын маалыматтык системаларынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, ошондой эле салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана салыктык жөнгө салуунун сапатын жогорулатууда анын кызыкчылыктарына көмөктөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети мекен макулдашуу боюнча "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесине 257 000 000 (эки жүз элүү жети миллион) сом суммасында акча каражатын бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 308, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
51. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 308, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2022-жылдын 22-мартында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды