Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 21 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2022-жылдын 19-июлу № 391
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өзгөчө кырдаалдарды баалоого бирдиктүү мамилени аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө", 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлеринде:
- 5-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Президентинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлеринин 1-тиркемесинде:
- 13-пунктунда "тоолуу райондордо 35 м/с жана андан жогору" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пунктунда "ылдамдыкта" деген сөз "ылдамдыктагы шамал" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктунда "200 мм" деген сөздөр "20 мм (200 мм кардын каптоосуна туура келет жана андан көп)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
18 | Катуу | Катуу шамалдын күчү менен жер | Жабыр |
| бурганак | бетиндеги кардын учушу, кардын | тарткан |
|
| түшүүсү менен айкалышып, | адамдардын |
|
| көрүнүүнүн начарлашына жана | саны (курагы, |
|
| транспорт магистралдарынын | жынысы |
|
| күрткүсүнө алып келиши мүмкүн. | боюнча), |
|
| Шамалдын 15 м/с жана андан жогору | жашоо- |
|
| ылдамдыгында 12 саатка же андан | тиричиликтин |
|
| көпкө созулат | бузулушу, |
|
|
| экономикалык |
|
|
| зыян |