Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-январы № 21
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, өзгөчө кырдаалдарды жана өзгөчө окуяларды баалоого бирдиктүү мамилени, аларды баалоонун критерийлерин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-январындагы № 4 (3660) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери
1. Бул Классификация өзгөчө кырдаалдарга жана өзгөчө окуяларга алардын оордук даражасына жараша баалоонун уюштуруучулук-укуктук ченемдерин аныктайт жана Жарандык коргонууну башкаруу органдарынын ишинин процессинде келип чыгуучу мамилелерди жонго салат.
2. Өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө окуялар төмөнкү критерийлер боюнча классификацияланат:
1) жабыр тарткандардын саны боюнча;
2) экономикалык зыяндын өлчөмү боюнча;
3) турмуш-тиричилиги бузулган калктын саны боюнча.
3. Өзгөчө кырдаалдар келип чыгуу булагы жана алардын пайда болуу мүнөзү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
2) техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
3) экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
4) биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар;
5) чыр-чатак мүнөзүндөгү өзгөчө кырдаалдар.
4. Өзгөчө окуялар келип чыгуу булагы жана алардын пайда болуу мүнөзү боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) табигый мүнөздөгү өзгөчө окуялар;
2) техногендик мүнөздөгү өзгөчө окуялар;
3) экологиялык мүнөздөгү өзгөчө окуялар.
Келип чыгуу булактары жана алардын пайда болуу мүнөзү боюнча өзгөчө кырдаалдардын жана өзгөчө окуялардын түрлөрү ушул Классификациянын 1-тиркемесинде берилген.
Оордук даражасы боюнча өзгөчө кырдаалдарды классификациялоонун критерийлери жана келтирилген зыян ушул Классификациянын 2-тиркемесинде берилген.
Өзгөчө окуялардын классификациясынын критерийлери ушул Классификациянын 3-тиркемесинде берилген.
Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана кооптонууларды классификациялоо жана эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кабыл алынган ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ыйгарым укуктарынын алкагында жүзөгө ашырылат.
5. Белгилүү бир аймакта түзүлгөн жагдай Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде гана өзгөчө кырдаал деп таанылышы мүмкүн. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иштөө режимин мүмкүн болуучу коркунучка же келип чыгуучу өзгөчө кырдаалга жараша киргизүү жөнүндө чечим Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын жыйналышында тийиштүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан кабыл алынат.
Ведомстволук аймактарда жана объекттерде өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүү жөнүндө демилге тармактык жана аймактык чакан системалар боюнча Жарандык коргонуунун тиешелүү башкаруу органдары тарабынан кабыл алынат.
Жарандык коргонуу боюнча комиссия тарабынан Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ишинин тийиштүү режимдерин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу демилгеленгенде төмөнкүлөр аныкталат:
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ишинин тийиштүү режимин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар жана баалоо критерийлери (жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал);
- өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу коркунучу бар аймактын чек аралары же өзгөчө кырдаал зонасынын чек аралары;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган өткөрүлүүчү иш-чаралардын тизмеси;
- өзгөчө кырдаалдын келип чыгышынын болтурбоо, аны жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөр жана каражаттар;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Жарандык коргонуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жооптуу кызмат адамдары;
- жарандардын жана транспорттун өзгөчө кырдаал зонасына кирүүсүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жана жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаралган учурда өзгөчө кырдаал зонасында жайгашкан уюмдардын ишин токтотуп туруу.
Мүмкүн болуучу коркунучка же келип чыгуучу өзгөчө кырдаалга жараша Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иш режимин киргизүү жөнүндө чечим тийиштүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан кабыл алынат.
Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ишинин тийиштүү режимин киргизүү же алып салуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактарга аткаруу үчүн милдеттүү.
6. Өзгөчө кырдаалды жоюу оордук даражасына жараша төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
1) объекттик (оордуктун I даражасы) - менчигинин түрүнө карабастан карамагында объекттер бар уюмдун күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
2) жергиликтүү (оордуктун II даражасы) - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
3) райондук, шаардык (оордуктун III даражасы) - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
4) облустук, Бишкек жана Ош шаарлары (оордуктун IV даражасы) - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаардык мэрияларынын жана аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
5) республикалык (оордуктун V даражасы) - министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, эл аралык уюмдардын күчтөрү жана каражаттары тарабынан;
6) трансчек аралык - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча.
7. Өзгөчө окуяларды жоюу объекттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыкчам кызматынын түзүлүштөрүнүн күчтөрү жана каражаттары тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуну жетектөө өзгөчө кырдаалдын кимдин аймагында болгондугуна, ушул Классификацияда белгиленген анын оордук даражасына жараша тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жүктөлөт.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин жетекчиси өзүнүн тескемеси менен өзгөчө кырдаалдар зонасынын чектерин, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүнүн тартибин, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттерди, ошондой эле зарыл болгон учурда эвакуациялоону уюштурууну жана/же калкты коопсуз райондорго көчүрүүнү белгилейт.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин жетекчисинин чечимдери, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзгөчө кырдаалдардын зонасында жайгашкан бардык жарандар жана уюмдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
9. Өзгөчө кырдаал өзгөчө кырдаалды чакырган факторлордун иш-аракеттери локалдашкандан жана токтотулгандан кийин жоюлду деп эсептелет.
10. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү иштерин жетектөө кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
11. Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азия мамлекеттери менен чектеш райондордогу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 604 "Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында кол коюлган Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу, алардын кесепеттерин жоюу учурунда маалыматтык өз ара аракеттенүү жана жапа чеккен калкка жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.