Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2022-жылдын 29-июлу № 400
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын маселелери жөнүндө
Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-4-пункттарындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- жогоруда аталган мамлекеттик ишкананы юстиция органдарында кайра каттоо боюнча ишти уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августунда № 69(3404) жарыяланды