Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 449 токтомуна ылайык) |
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды
кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым
боюнча карызды өндүрүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 758, 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Жыйымдын негиздери
3-глава. Жыйымды эсептөө, эсептешүү, кайра эсептөө тартиби
4-глава. Жыйымды төлөө тартиби
5-глава. Жыйым боюнча карызды өндүрүү тартиби
6-глава. Издөө, чалгындоо жана иштеп чыгууда (долбоорлоо баскычында) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым боюнча эсепти толтуруу жана берүү тартиби
7-глава. Иштеп чыгууда (иштерди жүргүзүү баскычында) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартиби (мындан ары - Тартип) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөр, отчеттор, жыйымдарды төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүүнү эсептөөнүн шарттарын, толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү - "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында же сот органынын чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун токтотууну (жокко чыгарууну) жараксыз деп таануунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугуна мурда жокко чыгарылган лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү боюнча жол-жобо;
2) төлөөчү - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жана аны пайдаланууну жүзөгө ашырган юридикалык же жеке жак;
3) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым (мындан ары - жыйым) - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси (төлөөчү) төлөөгө тийиш болгон төгүм;
4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды эсептөө - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын суммасын эсептөө жана/же кайра эсептөө;
5) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны пайдалануу - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга ээлик кылуу жана пайдалануу, техногендик түзүлүштөрдөн пайдалуу кендерди алуу боюнча иштерди кошуп алганда, анын ичинде техникалык документтерди түзүү, ал боюнча экспертиза жүргүзүү жана экологиялык, өнөр жай коопсуздугу, жер казынасын коргоо бөлүгүндө эксперттик корутундуларды алуу, жерге укуктардын ээсинен макулдук алуу же бөлүнгөн жерди алуу жана жер казынасынын белгилүү бир тилкесин пайдалануу мезгили;
6) ал жеткис күчтүн (форс-мажор) жагдайы - жер титирөө, суу ташкыны же блокада, согуш, иш таштоо сыяктуу табигый кырсыктардын жана алдын алууга же болтурбай коюуга мүмкүн болбогон же алдын алууга мүмкүн болгон, бирок токтотуп калууга мүмкүн эмес башка жагдайлардын жыйынтыгында өзгөчө жана токтотуу мүмкүн болбогон жагдайлардын пайда болушу.
2-глава. Жыйымдын негиздери
3. Жыйым Кыргыз Республикасында пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө жана/же чалгындоо жана/же иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар төлөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш.
4. Жыйымды төлөө объекти болуп пайдалуу кендердин белгилүү бир түрлөрү боюнча лицензиялык аянттын чегинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны пайдалануу саналат.
3-глава. Жыйымды эсептөө, эсептешүү, кайра эсептөө
тартиби
5. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө жана/же чалгындоодо жана/же иштетүүдө жыйымды эсептөө базасы болуп лицензиялык аянттын өлчөмү саналат.
Эсептешүү жана отчетту эсептөөнүн, ошондой эле лицензияны кармоо үчүн жыйымды кайра эсептөөнүн тууралыгы жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО) жүктөлөт.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО милдеттенменин суммасынын өзгөрүшүнө алып келген чечим кабыл алган учурда жыйымды төлөөчү такталган отчетту/эсептешүүнү салык төлөөчүнүн кабинети (мындан ары - СК) аркылуу лицензиялык аянт жайгашкан жердеги аймактык салык органына берүүгө милдеттүү.
6. Жер казынасын иштетүү максатында пайдаланууда долбоордук кубаттуулукка жеткенден кийин, лицензиялык макулдашуу менен белгиленген пайдалуу кенди казып алуунун жылдык көлөмү 90 пайызга аткарылса жыйымдар төлөнбөйт.
7. Жыйымды эсептөө төлөөчү тарабынан лицензиялык аянттын өлчөмүнө, пайдалуу кендин түрү боюнча ставкага, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген датага жана жер казынасын пайдалануу мезгилине ылайык өз алдынча жүргүзүлөт жана жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен макулдашылат.
Төлөөчү пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө, чалгындоодо жана иштетүүдө (долбоорлоо баскычында) ушул жыл үчүн жыйымдын эсебин жүргүзөт жана жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен форма боюнча (ушул Тартиптин 1-тиркемеси) ушул жылдын 1-мартынан кечиктирбестен макулдашат.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен макулдашылган ушул жыл үчүн жыйымдын эсеби СК аркылуу лицензиялык аянттын жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына форма боюнча (ушул Тартиптин 2-тиркемеси) жана толтуруу тартибинде (ушул Тартиптин 6-главасы) 30 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө (иш жүргүзүү баскычында) отчеттук жыл үчүн жыйымдын отчету түзүлөт жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМОго берилет.
Жыйымдын отчету форма боюнча (ушул Тартиптин 3-тиркемеси) жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен макулдашылат жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин СК аркылуу лицензиялык аянттын жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына форма боюнча (ушул Тартиптин 4-тиркемеси) жана толтуруу тартибинде (ушул Тартиптин 7-главасы) берилет.
2025-жыл үчүн жыйымдын отчету 2026-жылдын 1-июлуна чейин берилет.