Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 413
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Электр энергиясына тарифтерди колдонулуп жаткан деңгээлде сактоо максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык 2,0 жогорулатуу коэффициентине түзөтүү менен 1 кВт саат үчүн 252 тыйын өлчөмүндө электр энергиясына өзүнчө тариф белгиленет.";
2) Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 1-тиркемесинде:
- 1-пунктунда:
1.1-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "77,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.2-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "216,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.3-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "77,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.4-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "50,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;
1.5-пунктчасынын "2022-ж. 01.06." графасындагы "тариф+инфляция" жана "инфляциянын деңгээлине жараша" деген сөздөр тиешелүү түрдө "216,0" деген цифралар жана "-" деген символ менен алмаштырылсын;