Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябры № 589
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин системасынын ведомстволук уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомунун редакциясына ылайык)
Ведомстволук уюмдардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-95, 230-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасына.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы ага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элдик" жана "Туратали базары" мамлекеттик ишканаларын кошуу жолу менен;
2) "Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору" мамлекеттик ишканасы "Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору" мекемесине кайра түзүү жолу менен.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Элдик" жана "Туратали базары" мамлекеттик ишканаларынын укук улантуучусу болуп саналат;
2) "Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору" мекемеси төмөнкүлөр болуп саналат:
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмү;
- "Кара-Балта сыноо, стандартташтыруу жана метрология борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдында "Объектилерди башкаруу дирекциясы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: