Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябры № 591
2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча жол карта (мындан ары - Жол карта) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык;
- Жол картаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык;
- Жол картанын бюджети ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык.
2. Жол картада көрсөтүлгөн жооптуу аткаруучулар Программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн жана ар бир жарым жылда, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине Жол картаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ар бир жарым жылда, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Программаны колдонуу мезгилинде аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалымат берсин.
4. Программаны ишке ашыруу жооптуу аткаруучулардын тиешелүү жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдет | Чара/Иш-аракет | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | Электр жана почта байланыш тармагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана актуалдаштыруу | Электр жана почта байланыш тармагын жөнгө салуучу КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2027-жылдын 31-декабры | Электр жана почта байланыш тармагын жөнгө салуучу КР мыйзамдарына дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен электр жана почта байланыш операторлорунун ишиндеги негизги көйгөйлөрдү жөнгө салууну караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР мыйзамдарынын долбоорлору КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген | СӨМ, БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
2 | Электр байланыш рыногун өнүктүрүү | Радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна онлайн-аукциондорду өткөрүү | Зарылдыгына жараша, радиожыштык спектрине суроо-талапты баалоого ылайык | Радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна аукцион өткөрүлдү, өткөрүлгөн аукциондордон түшкөн кирешелер республикалык бюджетке түштү | БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
3 | Байланыш тармактарын жана/же электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн мыйзамсыз кирүүдөн коргоо боюнча укуктук негиздерди белгилөө | "Электр жана почта байланышы жөнүндө" КР Мыйзамында электр байланыш операторунун компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалымат системасына же электр байланыш тармагына санкцияланбаган кирүүнү жүзөгө ашыруучу жактарга байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн чектөө боюнча укуктарын кароо | 2025-жылдын 31-декабры | Электр жана почта байланыш тармагын жөнгө салуучу КР мыйзамдарына компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалыматтык системага же электр байланыш тармагына санкцияланбаган кирүү чөйрөсүндө кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүнү караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР Мыйзамынын долбоору КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген | УКМК, ИИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
4 | Мобилдик байланыш түзүлүштөрүн лабораториялык-практикалык өлчөөлөрдү өнүктүрүү | Мобилдик түзүлүштөрүн (уюлдук телефондор ж.у.с. жабдууларды) радиожыштык спектринин параметрлери боюнча өлчөөлөр үчүн өлчөөчү комплекс сатып алуу. Мобилдик түзүлүштөрдү (уюлдук телефондор ж.у.с. жабдууларды) радиожыштык спектринин параметрлери боюнча өлчөөлөр үчүн жаңырыксыз чакан камера сатып алуу | 2027-жылдын 31-декабры | МАМСТ 30338-95, МАМСТ 30318-95 жана МАМСТ Р 50842-95 боюнча радиожыштык спектринин параметрлерин өлчөө бөлүгүндө мобилдик түзүлүштөрдүн параметрлерин өлчөө мүмкүнчүлүгүн берген өлчөөчү комплекстер сатып алынды | БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган, донордук жана башка каражаттардын чегинде |
5 | Эл аралык кызматташуу | Эл аралык институттар менен кызматташуу: - Эл аралык электр байланыш уюму; - Дүйнөлүк почта уюму; - Евразия экономикалык бирлиги; - Байланыш жаатындагы региондук шериктештик | Дайыма | Улуттук ченемдик базага өзгөртүүлөр өз убагында киргизилди жана жаңы технологиялар бир кыйла ылдам киргизилди. Интернет соода менен байланышкан жаңы почта кызмат көрсөтүүлөрү киргизилди. Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары корголду. ЭЭСтин Жыштыктарды каттоо эл аралык маалымдамасында катталган жыштык ыйгаруулар корголду. Чектеш мамлекеттердин чек ара аймактарында радиожыштык спектри натыйжалуу жана макулдашып пайдаланылууда. Жаңы байланыш технологияларын өнүктүрүүдө кошумча тажрыйба алынды | СӨМ, БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
6 | Шаар куруу жөнүндө мыйзамдарда байланыш курулмаларын, техникалык жайларды жана байланыш линияларына жетүүчү жолдорду коомдук, жарандык турак-жай жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо стадиясында милдеттүү инфраструктуралык элемент катары жайгаштыруу боюнча талаптарды кароо | Ченемдик-техникалык документтерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023-жылдын 31-декабры | Курулмаларды жана байланыш линияларын коргоону караштырган тийиштүү ченемдик укуктук акттар кабыл алынды | АКТКЧМА; байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
7 | Мобилдик уюлдук байланыш тармактарынын абоненттерин жекелештирүүдө (каттоодо) инсандыгын ырастоо сыяктуу методдорду ишке киргизүү максатында жарандарды аралыктан жекелештирүү (инсандыгын ырастоо) тажрыйбасын изилдөө | Аналитикалык материал түзүү. Оң натыйжа белгиленгенде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамаларды киргизүү | 2022-жылдын 31-декабры | 1) мобилдик уюлдук байланыш операторлорунун тармактагы абоненттери 100% жекелештирилди; 2) санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн аянтчалар түзүлдү | СӨМ, БТЖКК; мобилдик уюлдук байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
8 | Менчикти каттоо укугун бекитип берүү маселесин изилдөө, линиялык-кабелдик байланыш түзүлүштөрүнүн белгилерине ылайык алардын кыймылдуу же кыймылсыз мүлктүн бул же тигил категориясына таандыктыгын классификациялоо | Менчик укугун бекитип берүү жөнүндө маселелерди жөнгө салууга багытталган колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар менен аналитикалык материалды түзүү | 2023-жылдын 31-декабры | Мындан аркы иш-аракеттерди иштеп чыгуу боюнча аналитикалык материал түзүлдү | ЖК, СӨМ, БТЖКК, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, электр байланыш операторлору, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
9 | Санариптик инновациялык финансы кызмат көрсөтүүлөрүн мындан ары өнүктүрүү үчүн рыноктун катышуучуларын секторлор аралык интеграциялоону тоскоолдуксуз камсыз кылууга мүмкүндүк берген банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногун либералдаштыруу | Мобилдик тиркемелерди колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнүн санын көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү | 2023-жылдын 31-декабры | Банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | УБ, СӨМ, мобилдик уюлдук байланыш операторлору, коммерциялык банктар, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
10 | КР калкынын БОБЛ аркылуу Интернет тармагын колдонуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу | Магистралдык байланыш тармактарын өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуу | 2024-жылдын 31-декабры | БОБЛ тартууну узартуу. 2022-жылы (41 миң км) 2023-жылы (43 миң км) 2024-жылы (48 миң км) | СӨМ, БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
11 | КРнын телефон байланышы жок калктуу конуштарын электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу | КРнын калктуу конуштарын электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камтуу графиктерин иштеп чыгуу, бекитүү жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү | 2026-жылдын 31-декабры | КРнын электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуу мүмкүндүгүнө ээ эмес калктуу конуштарынын саны азайды | БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
12 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
13 | Ыңгайлуу салыктык шарттарды түзүү жана камсыз кылуу | Учурдагы салыктык талаш-тартыштар боюнча эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү актысын кабыл алуу аркылуу салык салуу тартибин түшүндүрүү | 2023-жылдын 31-декабры | Улуттук мыйзамдар аталган маселе боюнча түзүлгөн эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган ченемдерге ылайык келтирилди | ФМ, МСК, СӨМ, БТЖКК, БОА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
14 | РЭКтен чыгуучу электр магниттик нурдануунун жол берилген чектеги деңгээлин өлчөөнүн улуттук санитардык эрежелерин жана ченемдерин, гигиеналык нормативдерин иштеп чыгуу | РЭКтен чыгуучу электр магниттик нурдануунун деңгээлин өлчөө, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирдин пайда болуу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн санитардык эрежелерди жана ченемдерди караган, эл аралык илимий изилдөөлөргө негизделген ЧУАны иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-жылдын 31-декабры | РЭКтен чыгуучу электр магниттик нурдануунун деңгээлин өлчөө, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирдин пайда болуу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн санитардык эрежелерди жана ченемдерди караган, эл аралык илимий изилдөөлөргө негизделген ченемдик укуктук акт кабыл алынды | ССМ, СӨМ, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
15 | Электр байланыш операторлорунун инфраструктураны жана радиожыштык ресурсун биргелешип пайдалануусун өнүктүрүү | Электр байланыш операторлорунун ортосунда инфраструктураны (канализация, таянычтар, антенна-мачталык түзүлүштөр, станциялардын электр өткөргүч линияларын ж.б.) пайдалануу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | 2023-жылдын 31-декабры | Электр байланыш операторлорунун инфраструктураны жана радиожыштык ресурсун биргелешип пайдалануусун регламенттөөчү ченемдик укуктук акт кабыл алынды | СӨМ, БТЖКК, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
16 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-ноябрындагы N 680 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
17 | БОБЛду орнотуу үчүн жер бөлүп берүү жана магистралдык БОБЛду тартууга ТКМден уруксаттарды алуу боюнча маселелерди чечүү | БОБЛду куруу үчүн жер бөлүп берүү жана магистралдык БОБЛду жол тилкеси менен чектешкен участоктордун чегинде тартууга ТКМден уруксат алуу боюнча регламенттөөчү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023-жылдын 31-декабры | Электр байланыш тармактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | ТКМ, СӨМ, ЖК, ЖӨБО, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
18 | Радиожыштыктарды конверсиялоо | Пайдаланылып жаткан радиожыштык ресурстарына кызыкдар мамлекеттик органдар менен талдоо жүргүзүү | 2026-жылдын 31-декабры | Инвестициялык абалды жакшыртуу, мамлекеттик бюджетти толтуруу, жаңы байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн ишке киргизүү максатында радиожыштык спектрин конверсиялоо планы кабыл алынды | СӨМ, БТЖКК, УКМК, КМ, ИИМ, ӨКМ, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
19 | Өлкөнүн калкынын арасында радиофобиянын деңгээлин азайтуу боюнча кампанияларды уюштуруу жана өткөрүү | Өлкөнүн калкынын арасында байланыш объекттеринин коопсуздугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Программанын иштөө мезгилинде дайыма | Байланыш каражаттарынын иштөөсү жана коопсуздугу жөнүндө калктын билим деңгээли жогорулады. Радиофобия пайызы төмөндөдү | БТЖКК, СӨМ, ССМ, УИА, БОА, мобилдик уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
20 | Бешинчи муундагы технологияларга тесттик сыноолорду өткөрүү | Тесттик сыноолор үчүн кызыкдар мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна радиожыштык спектрин бөлүштүрүү. Тесттик сыноолорду өткөрүүнүн сценарийин аныктоо. 5G технологиясына тесттик сыноолорду өткөрүү | 2022-жылдын 31-декабры | 5G технологиясын ишке киргизүү келечеги бааланды | БТЖКК, мобилдик уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
21 | IoT ишке киргизүү | Жыштыктардын диапазонун аныктоо жана IoT өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | 2023-жылдын 31-декабры | IoT кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгү | БТЖКК, СӨМ, ЭКМ, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |
22 | Радиомониторинг системасын өнүктүрүү жана жаңылоо | Мобилдик байланыш тармактарында ченөөлөр үчүн, базалык станцияларды идентификациялоону локалдаштыруу ж.б. үчүн ченөөчү комплекстерди сатып алуу. | 2022-жылдын 31-декабры | Сигналдын булактарын, анын ичинде КР мыйзамсыз иштеген өткөргүчтөрдү ж.б. автоматтык түрдө аныктоо үчүн жабдуулар сатып алынды | БТЖКК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын, донордук жана башка каражаттардын чегинде |
Иштеп жаткан жана пландалган байланыш технологияларын, маалымат берүү жана ТК/РУ сигналдарын эске алуу менен радиомониторинг жүргүзүү үчүн жогорку өтүүдөгү автомобилдин базасында мобилдик радиомониторинг комплекстерин сатып алуу. | 2023-жылдын 31-декабры | |||||
Болгон "R&S PR - 100" жабдуусун жаңыртуу | 2026-жылдын 31-декабры | |||||
23 | MKT чөйрөсүндөгү адистерди чыныгы муктаждыкка жараша даярдоону системалаштыруу жана пландоо | МКТ чөйрөсүндө адистерди даярдоонун форматын кайра карап чыгуу. СӨМгө төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды берүү: - МКТ боюнча адистерди даярдоо жаатындагы мамлекеттик билим берүү стандартына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кошуп алганда МКТ чөйрөсүндө кадрларды даярдоонун ченемдик укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө; - кадрларды (анын ичинде байланыш) даярдоого таасир этүү боюнча. Бул үчүн тармактык институт статусун берүү менен байланыш жана МКТ жаатындагы жеке менчик жогорку окуу жайларынын биринин үстүнөн патронаж алуу жана заманбап технологияларга ылайык келген дисциплиналар боюнча окутуунун заманбап методологиясын ыкчам иштеп чыгуу максатка ылайыктуу | 2025-жылдын 31-декабры | МКТ чөйрөсүндө заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо | БИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
24 | MKT чөйрөсүндө кадрларды даярдоо үчүн билим берүү мекемелерин окуу лабораториялык-программалык комплекстер менен жабдуу | МКТ чөйрөсүндө адистерди даярдоо боюнча билим берүү мекемелерине лицензия берүүдө жана аларды аккредитациялоодо заманбап лабораториялык-программалык комплекстердин болушунун милдеттүүлүгү жөнүндө талаптарды киргизүү | 2024-жылдын 31-декабры | Билим берүү ишин лицензиялоо чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарына өзгөртүү киргизилди | БИМ, СӨМ, БТЖКК, БОА, электр байланыш операторлору (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар, жеке инвестициялар |