Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 701
Лотерея иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын ишин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын уставы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасы |
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 27-декабрындагы № 113 (3448) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
"Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жобо