Редакцияот 13.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 13-январы, № 11

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинин үчүнчү сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“

1001 99 0000

Буудай жана меслин башкалар, үрөндүк эмес 

”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров