Загрузка документа…
|
| ||
|
| ||
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 токтомуна) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 237, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу/мамлекеттик орган/Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги) казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартибин жөнгө салат. 2. Казыналык милдеттенмелер энчилүү мамлекеттик баалуу кагаздар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги казыналык милдеттенмелердин эмитенти катары чыгат. 3. Казыналык облигациялар күрөө катары чыга алат. 4. Казыналык милдеттенмелер казыналык милдеттенменин ээси эмитентке койгон акчалай талапты белгиленген мөөнөттө сөзсүз түрдө канааттандыруу укугун берген документ болуп саналат. 2. Аныктамалар жана терминдер 5. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер колдонулат: 1) баалуу кагаздын ээси - баалуу кагазга ээлик кылган жеке же юридикалык жак; 2) казыналык милдеттенме - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын улуттук валютада номинацияланган, мамлекеттик органдардын милдеттенмелерин жөнгө салуу жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн чыгарылган узак мөөнөттүү баалуу кагазы; 3) эмитент - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; 4) казыналык милдеттенмелерди төлөө - төлөнүүчү чыгарылыштагы казыналык милдеттенмелерди кармоочулардын эсептерине номиналдык наркты чегерүү; 5) купон боюнча төлөмдөрдү төлөө - казыналык милдеттенмелерди кармоочулардын эсептерине купон боюнча төлөмдөрдү чегерүү. | ||