Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-октябры № 537
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын төлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы, преамбула, 1-пункттун 3-пунктчасы, 2-пункт "курулуш" деген сөздөн кийин ", капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 5-пункттун 2-пунктчасы, 6, 7, 13-пункттар "курулуш" деген сөздөн кийин ", капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо" деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы, 1-4-пункттар, 2-главанын аталышы, 5-8, 10, 11-пункттар, 13-пункттун 1-пунктчасы, 14-пункттун төртүнчү абзацы "курулуш" деген сөздөн кийин ", капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18, 19-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар коммерциялык банктарга экинчилик рынокто сатып алууга төмөнкүлөр сунушталат:
1) казыналык милдеттенмелерди сатып алуу учуруна карата белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкасынын өлчөмүндө дисконту менен ээлери кредиторлор болуп саналган казыналык милдеттенмелерди;
2) мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарын жана чектөөлөрүн жана банктын белгиленген ички лимиттерин сактоо менен номиналдык наркы боюнча ээлери подрядчылар болуп саналган казыналык милдеттенмелерди. Мында курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоого казыналык милдеттенмелердин номиналдык наркына барабар болгон сумма ошол коммерциялык банкта пайыздарды кошуп эсептөө менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өзүнчө депозиттик эсебине жайгаштырылат.
Жогоруда аталган шарттар коммерциялык банктарга да жайылтылат.