Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2023-жылдын 2-майы № 237
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын төлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле курулуш объекттерин каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 21-пункттагы "10 (он) жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр "казыналык милдеттенмелердин аяктоо мөөнөтү келгенде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын:
"28-1. Коммерциялык банктар казыналык милдеттенмелерди Мамлекеттик китепке ээсинин укугун өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү жазууларды жүзөгө ашыруу менен сатып алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан казыналык милдеттенмелерди чакыртып алууга жол берилбейт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жободо:
- 8-пункттагы "жана буйрук менен бекитет" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункттагы "бекитилген" деген сөз алып салынсын;
- 12-пункт "алат" деген сөздөн кийин "жана буйрук менен бекитет" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункттагы "келип түшкөн" деген сөздөр "бекитилген" деген сөзгө алмаштырылсын;