Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-декабры № 711
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Топтомо системанын жагымдуулугун жогорулатуу жана пенсиялык топтолгон каражаттарды төлөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:
- 1-пунктта:
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) ипотекалык кредит алып жаткан же алган, ошондой эле "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому (мындан ары - "МИК" ААК) тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;";
7-пунктчадагы "адамдарга" деген сөздөн кийин ", ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктта:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ипотекалык кредит алып жаткан же алган, ошондой эле "МИК" ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамга, ошондой эле жубайына бир жолу, эгерде ар биринин пенсиялык топтоолорунун суммасы кайрылган учурда өз өзүнчө беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем болбосо жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаса;";
сегизинчи абзац "адамдарга" деген сөздөн кийин ", ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-1-пунктта: