Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 59
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин эмгек ишине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 8, 12, 15-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси | ||
1 | Директор | 4,10 |
2 | Башкы инженер | 3,80 |
3 | Директордун орун басары | 3,70 |
4 | Финансы-экономикалык башкармалыктын начальниги | 3,10 |
5 | Цехтин начальниги | 2,90 |
6 | Медициналык-техникалык бөлүмдүн башкы врачы | 2,77 |
7 | Финансылык иш боюнча улук экономист, улук финансист | 2,77 |
8 | Экономист, материалдар боюнча бухгалтер | 2,57 |
9 | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы | 3,30 |
10 | Укуктук маселелер боюнча адис | 2,57 |
11 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү-архивариус | 2,18 |
12 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмдүн башчысы | 2,70 |
13 | Технолог | 2,56 |
14 | Коомчулук менен байланышуу боюнча адис | 2,57 |
15 | Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер, эмгекти ченемдөө боюнча инженер | 2,50 |
16 | Механикалык цехтин мастери, гараждын башчысы | 2,50 |
17 | Даяр продукциянын борбордук кампасынын башчысы, материалдардын борбордук кампасынын башчысы | 2,50 |
18 | Чарба башчысы | 2,56 |
19 | Техник, балдар техниги | 2,50 |
Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы | ||
1 | Директор | 3,41 |
2 | Директордун орун басары | 2,80 |
3 | Өндүрүштүн начальниги | 2,60 |
4 | Улук бухгалтер | 2,40 |
5 | Врач-ортопед | 2,30 |
6 | Кампа башчысы | 2,06 |
7 | Техник | 2,06 |
8 | Адам ресурстарын башкаруу боюнча адис (0,5 ставка) | 1,53 |
9 | Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер (0,5 ставка) | 1,53 |
|
| 2-тиркеме |
|
|