Редакцияот 27.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 27-марты № 162

 

Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө

 

"Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун түзүү жана жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 "Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 10-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-июлундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-майындагы № 345 "Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 23 (3679) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев