Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 125
Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду узартуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйымдын маркасы жана/же идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоо киргизилген датага чейин айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук долбоорду натыйжалуу жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркалоо жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып кирүүчү жана сатылуучу товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси (мындан ары - Тизме) 2-тиркемеге ылайык.
2. 2024-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин Тизмеге ылайык товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо пилоттук (эксперименттик) режимде (мындан ары – пилоттук долбоор) киргизилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пилоттук долбоорду жүргүзүүгө жооптуу органдар болуп аныкталсын.
4. Ыйгарым укуктуу салык органы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору менен биргеликте «Товарларды маркалоо» мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары - «Товарларды маркалоо» МАМС) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилүүчү «Товарларды маркалоо» МАМСты жеткире иштеп чыгууга коюлган талаптарга ылайык жеткире иштеп чыгууну камсыз кылсын.
5. Убактылуу жободо аныкталуучу тартипте пилоттук долбоорго катышуу ниетин билдирген жана Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүүнү, импорттоону/ташып кирүүнү, сатууну жүзөгө ашырган ишкердик субъекттери жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
1) Убактылуу жобого ылайык санариптик идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, импорттолуучу/ташылып кирүүчү, сатылуучу товарларга идентификациялоо каражаттарын түшүрүүгө;
2) пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоосуз Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 359 «Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктундагы «2022-жылдын 30-сентябрына чейин» деген сөздөр «2023-жылдын 30-июнуна чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында алкоголдук жана тамеки продукциялары үчүн (сигареттерден жана ысытуучу тамекиси бар буюмдардан тышкары) акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында сигареттер жана ысытуучу тамекиси бар буюмдар үчүн акциздик салыкты санариптик башкаруу жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык.»;
3) жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.